Шайлоо-шайлоо…Парламентке ким өтөт

Аналитика, Статьялар 03 Окт 2019 15:44
0 ой-пикир

Алмаз БАРАТОВ — атайын Elgezit.kg үчүн

Паламенттик шайлоо азырынча №1-тема эмес. Анын үстүнө Жогорку Кеңеш тарабайт көрүнөт, демек шайлоо өз убагында 2020-жылдын күзүндө болот.

Коомчулук азырынча баарына белгилүү болгон адамдын тууганы Хаятта 18 жашын өткөргөнүн жана Финансы министрлигин тинтүү болгонун кызуу талкуулоодо. Бирок серепчилерге алдыдагы шайлоого карата партиялардын иш-аракеттерине байкоо салуу кызыктуу болууда. Себеби 2020-жылдагы шайлоо кадимки парламенттик шайлоодон айырмаланары күтүлүүдө. 9 пайыздык босого жалпы “партиялык талааны” өзгөртөт. Андан өтүү алда канча оор жана партиялар болгон күчүн жумшап аракет кылып, күтүлбөгөн альянстарга кириши керек. Азырынча оюндун шарты боюнча Ак үй үн ката элек, 7-кабаттан кимге колдоо болору тууралуу белгилер да жок, шайлоого Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын аброюнун начардыгы да таасир тийгизбей койбойт.

Бийлик партиясы жүзүңдү ач…

Кыргызстандагы партиялардын баары бир социалдык топтун кызыкчылыгын билдирген институт катары өздөрүн актай алган жок. Башында баары убада беришкен. Кыргыз партияларынын талаасында көз карандысыздык алгандан кийин демократтар, социалисттер, либералдар, ошондой эле бийликтин партиясы катары саналган консерваторлор сыяктуулар да болду. Айрым партиялар идеологияга басым жасоого аракет кылышты. Же жаман аракет кылыштыбы, же коомчулук даяр эмес беле ким билет, бирок партиялардын баары же бир саясатчынын же саясий топтун айланасында гана түзүлүп жатты. Бир убактарда партиясы барлар, өзүнүн ММКлары барлар “крутой” сезилип, жөн гана мактаныч болду.

Ал эми идеология болсо негизинен бийлик мненен мамиледен түзүлдү. Бийлик өзү кол куушуруп отура берген жок. Ар бир президент өзүнүн партиясы болуусун каалады. «Алга, Кыргызстан!», «Ак-Жол», «КСДП». Жетекчилери тарыхка жазылып калганда партиялары кошо кыйрап жатты.

Учурда Сооронбай Жээбековдун партиясы кайсы болорун күтүшүүдө. Тактап айтканда, кайсы партия бийликтики болорун. Себеби жаңысын түзүүгө кеч, демек учурда иштеп жаткан партиялардын бирин тандоого туура келет.

Ак үй кимге көз салары тууралуу ар түрдүү ушактар чыгууда. Кимдир бирөө сүймөнчүктөрдүн арасында «Замандаш» бар десе, айрымдары бийлик партиясы «Мекеним Кыргызстан» болорун боолгошууда, бул партияны Матраимовдор менен дагы байланыштырышууда. Кээ бирлер «Кыргызстан» партиясы тууралуу дагы кеп кылышууда. Көпчүлүк партиялардын тизмелери жарыяланган соң, Ак үй колдой турчу партия белгилүү болорун айтышууда. Кайсы партиянын тизмесинде Асылбек Жээнбеков болсо дал ошолор бийликтин партиясы болот дешүүдө.

Партиялар бизнес-долбоор сыяктуу

Партиялардын Европадагыдай болуп идеология боюнча бөлүнгөнү бизде болгон жок. Убакыттын өтүшү менен “Ата Мекенди” кошпогондо баардык партиялар жергиликтүү олигархтардын партиясы болуп кала берди. Баса, дал ушундай принциптин болгону акыркы шайлоодо ата мекенчилер алган мандатка таасир берди.

Келерки шайлоодо абал өзгөрүшү күмөн. Парламенттеги орундар дагы да болсо олигархтардын колдоосуна жараша бөлүштүрүлөт. Бирок парламенттеги партиялардын, жалпы эле Жогорку Кеңештин рейтинги төмөн экенин эске алуу менен акылдуу бизнесмендердин бары бир атка учкашпайт, алар ресурстарын ар кайсы партияларга бөлүштүрөт. Каржылык колдоонун ордуна кызыкчылыктарды коргоо гана эмес, айрым талапкерлерди тизменин жогорку саптарына кошуу талабы болот.

Ошондуктан келерки шайлоодо кайрадан эле партия үчүн эмес, тизме үчүн күрөш болору толук мүмкүн.

Партиялык ребрендинг

Партия брендине келсек, Жогорку Кеңештеги баардык партиялар ребрендингге муктаж. Парламентти институт катары Аскар Акаевдин убагынан бери эле атайылап жок кыла башташкан. Кыргызстандын биринчи президенти жана анын айланасындагылар парламенттин биринчи чакырылышына көрүнүктүү саясатчылар келип, Акаевдин администрациясы менен макул болбой, аларга каршы сүйлөп чыга баштаганда эле коркуу сезимине туш болуп башташкан. Эл арасында популярдуу болуш үчүн парламенттик трибуна эң жакшы жер болчу. Парламентаризмдин мындай эркин ой жүгүртүүгө басым жасаган сценарийи Акаевдин жана анын командасынын планында жок болчу. Ошондуктан Жогорку Кеңешти институт катары жок кылуу планы ишке ашырыла баштаган. Бийликке баш ийген ММКлар аркылуу өтө белгилүү болбогон депутаттарды пиар кылып, ал депутаттарга ишке ашпай турган демилгелерди көтөрүп чыгуу сунуштары болгон. Мындан сырткары, эл өкүлдөрүнүн маянасы, жеңилдиктери актвидүү талкууга алына баштаган. Ошол эле учурда президенттик администрациянын жана өкмөттүн аппаратынын чыгымы тууралуу маалымат ачыкталган эмес. Жогорку Кеңештин ачыктыгы дагы өздөрүнө каршы иштеген. Медиа баарынын аралаштырып маалыматтарды тарата баштагандыктан, эл депутаттардан аткаруу бийлиги жасай турган иштерди талап кыла баштаган. Өзгөчө айылдагылар. Билинбей эле депутаттар жол, балдар аянттарын, мектептерди курууга ж.б. жоопкерчиликтүү болуп калган. Парламенттин институт катары аброю бир топ төмөндөгөн. Ар бир жаңы чакырылыш менен күчтүү саясатчылар Жогорку Кеңешке аз өтө баштады. «Елита-илиталар» көбөйө берди. Акыркы чакырылышка сын өтө көп айтылып, рекорд коюлду. Бирок бул азыркы депутаттар келерки чакырылшка өтпөй калат дегендик эмес. Жогорку Кеңеште 9 пайыздык босогону талкуулаган депутаттар биригиши керектигин сүйлөшүүдө. Башкача айтканда, партиялык баалуулуктар жана идеология тууралуу сөз жок. Аларга келерки парламентке өтүү мүмкүнчүлүгү гана баалуудай.

Съезддер кезеги

Парламенттеги партиялардан алгачкылардан болуп “Кыргызстан” партиясы съезд өткөрдү. Алар муну партия лидеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өткөнүнө байланыштырышты.

Канатбек Исаев лидер экенине карабастан, “Кыргызстан” партиясы арак “падышасы” Шаршенбек Абдыкеримов менен таанымал жана дайыма бийликке баш ийип келет. Ири бизнестин кызыкчылыгын эске алганда, башкача болуусу мүмкүн дагы эмес.

Кезекте “Ата Мекен” тургандай. Партияга 25 жыл толду жана бул өзү жана позициясы тууралуу эске салууга жакшы шылтоо болду.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы дагы активдүүлүгүн көрсөтө баштады. Анын айланасына амбициялары күчтүү, көрүнүктүү адамдар чогулары күтүлүүдө. Ошондой эле өтө белгилүү эмес партиялардын съезддери да өтүүдө.

Башкалар болсо Ак үйдөн ишара күтүп жаткандай, же алдын ала ресурстарын чыгымдагысы келбей эле, балким сүйлөшүүлөрдү жана соодалашууларды жүргүзүп жатышкандыр.

Бул “салмактуу” партияларга тиешелүү. Ал эми калгандары жаңы жылдагы эс алуудан кийин активдүү иштеп башташса керек.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Редакциядан: Кыргызстан шайлоо алдында. Elgezit.kg аналитикалык тобу “Партияларга сереп” деп аталган жаңы долбоорду ишке ашырууда. Ай сайын биз саясий партияларга аналитикалык баа берип, парламентке өтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу рейтингин чыгарып турабыз. Биздин анонсторго көңүл буруп туруңуздар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.