Чек ара кызматы «Чалдыбарда» болгон окуя боюнча түшүндүрмө берди

Окуялар тизмеги 29 Сен 2019 17:57
0 ой-пикир

28-сентябрда «Чалдыбар-унаажолу» бекетинен белгисиз адамдар УКМК өткөрүп жаткан тергөө иштерине тосколдук жаратышып, кызматкерлерди ташбараңга алышкан. Жыйынтыгында ыкчам-тергөө топтун бир канча кызматкерлери денесинен ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.

Чек ара кызматынын билдирүүсү боюнча бул окутуу-машыгуу алкагында жүргүзүлгөн иш-чара болгон.

«Чалдыбар өткөрмө-пунктундагы чек арадагы ишмердүүлүктү текшерүү үчүн атайын мыйзамды бузган жаран жиберилген. Чек ара кызматы аны кармаган. Мындан кийин УКМКнын кызматкерлери иш-чараларды өткөрүшкөн. Саат 05.00 убактысында Чалдыбар-Бишкек багыты боюнча кетип бара жатканда УКМКнын кызматкерлери менен белгисиз адамдардын ортосунда чыр чыккан. Белгисиз адамдар унааны таш менен уруп баштаганда УКМК кызматкерлери «Чалдыбар автожолу» өткөрмө-пунктуна кайтып келишкен. Чыр ырбап кетпеши үчүн асманга ок атылган», — деп жазылат маалыматта.

Азыркы учурда Ички иштер министрлиги тергөө иштерин жүргүзүүдө. Учурда өткөрмө-пунктунда абал туруктуу. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.