Кыргыз-казак чегиндеги «Чалдыбар» өтмөгүндө УКМК кызматкерлери ташбараңга кабылды

Окуялар тизмеги, Өлкө 28 Сен 2019 12:12
0 ой-пикир

Тергөө иштерине тоскоолдук кылуу фактысы катталды, — деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-сентябрда УКМК тарабынан жүргүзүлгөн мыйзамсыз чек араны кесип өтүүнү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча тергөө иштерине тоскоолдук кылуу фактысы катталды.

«Тактап айтканда, «Чалдыбар-унаажолу» бекетинен белгисиз адамдар УКМК өткөрүп жаткан тергөө иштерине тосколдук жаратышып, кызматкерлерди ташбараңга алышкан. Жыйынтыгында ыкчам-тергөө топтун бир канча кызматкерлери денесинен ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Чүй облусунун Панфилов РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы учурда КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте бул фактыга катыштыгы бар адамдар такталууда, жыйынтыгында тергөө аракеттерине тоскоолдук кылган адамдарга юридикалык баа берилмекчи.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.