Жан сакчынын жубайы президентке кайрылды

Окуялар тизмеги 27 Сен 2019 11:41
0 ой-пикир

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин үй-бүлөсү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, аны бошотууну өтүндү.

Интернетте тараган видеокайрылууда Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова ага Атамбаевдин жанында жүргөнү үчүн куугунтук болуп жатат деген пикирин айтты:

— Атайын бөлүктүн жоокерлерин жиберер алдында аны чакыртып алышы керек болчу. «Атамбаевдин кишиси» деп эле жабышып калышты, канча айдан бери. Төрт баланын убалы кимге?

Атамбаев быйыл 8-агустта Кой-Таштагы үйүнөн атайын операция учурунда кармалган. Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери катары анын жанында акырына чейин жүргөн. 24-сентябрда Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, эки суткага камалган.

26-сентябрда бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, сот прокурордун Сагымбаевди 8-октябрга чейин №1 тергөө абагында кармоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Адвокаттын аны үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү четке кагылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.