Кыргыздарды «кемсинткен» эмгек акы

Аналитика, Статьялар 27 Сен 2019 15:45
1 ой-пикир

24-сентябрда орусиялык «Россия 1» каналында «Прямой эфир» теле берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малахов эфир учурунда Кыргыз жаранын кылмышка күнөөлөдү.Аталган берүү Москвада каза болгон миллиардердин баласы Александр Маруговдун өлүмүнө арналган. Аталган кылмышка шектүү катары Кыргыз өлкөсүндө туулуп-өскөн Исламбек Акбаров кармалган.Эскерте кетсек, жол кырсыгы 8-июлга караган түнү Москвада орун алган. Анда такси менен мотоцикл сүзүшүп, экөө тең өрттөнүп кеткен. Оор абалда ооруканага жеткирилген мотоциклдын айдоочусу жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Кийин ал колбаса чыгарган бизнестин ээси, миллионер Владимир Маруговдун уулу Александр Маругов экени аныкталган.
Эфирдин жүрүшүндө Малахов аталган жол кырсыгы кокустук эмес экендигин, атайын буюртма болушу мүмкүн экендигин божомолдогон. Бул сөздөрдү студияда отурган адамдар колдогон. Ал эми ал жакта отурган коомдук ишмер Роман Худяков ачык эле кармалган Исламбек Акбаров бирөөнүн буюртмасын аткарганын айтып чыккан.Ал эми каза болгон жарандын апасы эч кимди күнөөлүү деп эсептебей турганын билдирген. Ошондой эле ал студияга келип, кылмышка шектүүнүн жана анын туугандарынын атынан көңүл айтып келген элчиликтин өкүлүн жана жактоочунун сөздөрүн кабыл алган. Мындан сырткары, маркумдун апасы шектүүгө эч кандай дооматы жок экенин билдирген.Буга карабастан алып баруучу Малахов: «Унааны 20 жаштагы башка өлкөдөн келген мадыра баш башкарып бара жаткан. Ал такси кызматында иштегенине бир нече эле ай болгон. Ага 100 миң доллар берсең анын үй-бүлөөсү, бүтүндөй айылы бактылуу болот. Алар эч качан мындай акчаны таба алышпайт», — деген сөздөрдү айткан.

Мындан сырткары, ал 20 жаштагы жигитти элчилик жана күчтүү жактоочулардын бири колдоп жатканына таң калып, жөнөкөй такси айдаган бала жактоочу жалдаганга акчаны кайдан алган деген суроо салган. Ага жактоочу анын кызматтарын кылмышка шектүүнүн жакындары, диаспора төлөп берип жатканын билдирген.

Бул берүүдөн кийин интернет колдонуучулар #maLOHov деген хештег менен анын Кыргыз элинен кечирим суроосун талап кылып акция башташты.

Саясий талдоочу Табылды Акеров: «Малахов өзүнүн пастыгын көрсөттү», — деп Еlgezit.kg басылмасына билдирди. Ал тергөөчү эмес да, алдын ала жыйынтык чыгаргандай. Ал өзүнүн сөзү менен залды да акырын кыргызстандык жаранга каршы түкүрүп койду. Ошого залдагыларда бул заказдык кылмыш деп чыгышты.

Бирок, Маркумдун энеси заказ деп айта албады. Себеби, ал эне катары билет да кайсы эле ата аялынан өч алуу үчүн өзүнүн уулун заказ берсин. Малаховдун бул көрсөтүүсү толук былжырак болуп калды. Албетте, ал кыргызстандыктардан кечирим сурашы керек. Орус жана кыргыз элинин мамилелери Малаховдун бир көрсөтүүсү менен бааланбайт. Эки элдин ортосундагы мамилелер бул чоң тарых, бүтүндөй бир тарыхый эпоха, — дейт саясий талдоочу.

-Ал эми казак акыны кичине байкабастык кылып бакылдап алса керек. Бирок, жакшы жери, ал өзү дароо эсине келип, кыргыз элинен кечирим сурап койду. Бул анын мыктылыгы, — деп белгилейт Акеров.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги белгилүү теле алып баруучу Андрей Малаховдун Кыргызстан жана кыргызстандыктарды басмырлап айткан сөзү боюнча үн катты.

Кыргызстандагы Россиянын элчилиги: «Малахов — биздин баатыр эмес»

Бул тууралуу элчилик Facebook баракчасына жарыялады.

Малахов — не наш герой. В связи с высказываниями телеведущего А.Малахова можно сказать одно: легко обидеть человека, но трудно с этим жить. Еще хуже, если оскорбляешь целый народ…”, — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Элчилик бул көрүнүшкө көңүл бурганына ыраазычылык айтышкан соц тармактын колдонуучулары посттун астына билдирүү калтырып жатышат. Алардын катарында Жогорку Кеңештин депутаты Эльвита Сурабалдиева да бар.

Андрей Малахов: “Рулда 20 жаштагы бала. Жарым ай мурун башка өлкөдөн келип, такси айдап иштеп жүрөт. Аларга 100 000 доллар берсең, үй бүлөсүн, айылын, бүткүл туугандарын кубантат. Анткени, алар мынча акчаны таба албайт. Аларда айлык 10 доллар», – деп айткан.

Малаховдун мындай сөздөрүнө нааразы болгон кыргызстандыктар андан кечирим сурашын талап кылып, социалдык тармактардан да, Ютуб каналына кайрылуу жасап жатышат.

Белгилей кетсек, «Россия 1» каналында көрсөтүлгөн берүүдө миллиардер Алеrсандр Маруговдун уулу каза болгон жол кырсыгы талкууланды. Жол кырсыгында мотоцикл менен такси кагышып, мотоциклдин айдоочусу көз жумган. Андрей Малахов анда таксинин кыргызстандык айдоочусун адам өлтүрүүгө күнөөлөгөн. Алып баруучунун пикиринде, 10 доллар айлык акы алып, чатырда үй-бүлөсү менен чогуу күн кечирип жүргөн кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баарына даяр.

Россиянын «Андрей Малахов, прямой эфир» телеберүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малаховго каршы акцияга шоу-бизнес жылдыздары дагы кошулду.

Андрей Малаховдун инстаграм баракчасындагы акыркы үч күндөгү сүрөттөрүнүн астына 14 миңден 25 миңге чейин комментарийлер жазылды. Ага чейин Малахов 2-3 миң гана комментарий топтой алчу. Кыргызстандыктар Андрей Малахов адашканын, аны улутчул, шовинист атап, кечирим суроо талабын жазып калтырышууда.

Малаховго каршы акция шоу-бизнес жылдыздары дагы кошулушту. Тамада Санжар Мыкыев, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен, ТИМден жана эл аралык деңгээлдеги юристтерден көмөк сурайт.

«Айтылган сөз, атылган ок дегендей бул @malakhov007 катуу сүйлөп салыптыр!Биртуугандар келгиле биригели. Юристтер, элчилик менен иштешкендер жардам бергиле, кеңеш күтөбүз», — дейт эл өкүлү.

Коомчулукка белгилүү болгондой, Андрей Малахов ОРТ каналынан дары-дармектердин сырын айтып салгандыгы үчүн телеканалдын башчысы Константин Эрнст аны жумуштан айдаган.

Эрман Жүрсүн казак акыны: “300 миң теңге кыргыздарга чоң акча”

Төкмөлүк өнөр кыргыз менен казакка гана таандык. Аны тээ байыртадан бери тарых тастыктап келе жатат. Кыргыздар жыл сайын кош байге сайып, казак акындарын чакырып, эл аралык айтыштарды өткөрүп келет. Эң кызыгы казак боордошторубуздун кош байгени мындай кой, жөнөкөй байге сайып, кыргыздын кыйын акындарын кызыктыруучу сыйлык менен жөнөтүп келет. Жакында эле Казакстанда өткөн айтышка айтылуу Жеңишбек Жумакадыр катышып келди. Кыргыздын кыйын төкмөсү казакка барып, бир кагазга гана татыганы көпчүлүктүн жанын кейитти. Анысы аз келгенсип, Эрман Жүрсүн аттуу акынынын “300 миң теңге кыргыздарга чоң акча” дегени “Айтыш” фондунун төрагасы, ЖКнын депутаты Садык Шер-Нияздын жанын кашайтканы көрүнүп турат. Ал казактардын кыргыз төкмөлөрүнө жасаган мамилеси тууралуу Фейсбуктагы баракчасына кеңири жазды.

Садык Шер-Нияз казак акыны Эрман Жүрунгө: «Тек гана кыргыздын ар-намысы акча менен гана чектелбесин билип жүрсөңүз болгону«

Жеңишбек акынга жолугуп калдым бир тойдон. Жадырап жайнап учурашып жаткан. Казакстанга барыпсын эмне болду деп сурасам, жүзүн сур булут аралап кеткендей болду. Жарым финалга да чыгарышкан жок дейт. Кашайтканы: Эрман Жүрсүн байгесин берип жатып 300.000 теңге бул кыргыздар үчүн чоң акча деп сүйлөдү дейт. Мен да кашайып кеттим. Таластыктарча сөгүнүп да алдым окшойт. Эсимде 2003 жылы Астанада да бир сөгүндүм эле бир чоң айтышта. Ошондо да Элмирбек менен казактын бир акыны финалга чыгып, анда да Эрман Журсун, калыстарга кайрылып, «Эми бул жерде казак кыйынбы, же кыргыз кыйынбы деген сөз гой» деп алдын ала калыстарга эскертүү жасаган жери бар. Ошондо бир айтаарым бар эле айта алган эмесмин, жаш элем, акындарыбызды өстүрүп алалы али айтышаарбыз деди элем. Анын үстүнө Мырзатай Жолдасбеков, Абиш Кекилбаев сыяктуу аксакалдарды сыйлагам, оң колумду кармап ачууга алдырба айналайын деп олтурган Онгарсынова эжемди кыя алган эмесмин, чыр салбай кетейин мейли биринчи орунга макул бололу деп. Эки элдин ынтымагын ойлойлу, бийик бололу деп жүрөбүз. Кудайга шүгүр, Олжас Сулейменов, Мухтар Шаханов агаларымды көргөндө чер жазышып сүйлөшүп каламын, Асанали Ашымов, Нуржуман Ихтымбаев байкелерибизди көргөндө бири-бирибизди кучактап жатып араң бөлүнөбүз.
Сатыбалды Нарымбетов агайымды көргөндө бир боорум деп жумалап бир жүрүп калабыз. Эрмек Турсунов, Канат Торебай, Дарежан Омербаев деги койчу жүздөгөн кыргызга ак жүрөгү менен күйгөн улуу казак инсандары менен ымалалаш досмун. Болгону ушул Эрман Журсундун жүрөгү агарбады. Тапкан сөзүн карасаң: «300.000 теңге бул кыргыздарга чоң акча гой» деп. Кеп ошол акчада бекен, кеп акындын көңүлүндө го. Кеп абийир менен ар-намыста экенин ушунча жылдары түшүнбөгөндөн кийин мындан кийин деле түшүнбөй калдыңыз го де ойлойм. Акындар эки элди бириктирип, эн алды ынтымак деген улуу ойду алып жүрүш керек деген вазийпасын бир ууч тыйын бергенине менменсинип, «ылайга оонатып», жарыктык киши бул жолу да бүтүн нерсени жарып берипсиз. Мындан кийин да оңолбойт окшойсуз, ошону үчүн жазып жатам. Эгемендүү тарыхыбызда эки бир тууган элди болуп жарып жүргөн инсандар ким болгон десе мен тайманбай биринчи катарга сизди кошот элем. Эгер берген тыйыныңыз көп болуп көрүнсө счетуңузду салып жиберсеңиз болот, «Айтыш» фондунан которуп коем эки эсе кылып, бүтпөгөн тешигиниз болсо жаап алыныз, тек гана кыргыздын ар-намысы акча менен гана чектелбесин билип жүрсөңүз болгону.
Сиз ушул махинацияларыныз менен казак акындарын деле омогун ойрон кылып аласыз го деп болжодум.
Учурдан пайдаланып кыргыз акындарына кайрылаар элем, эгерде ушул каада-салтты, кадыр-баркты, дөөлөттү сыйлап кадырлабаган Эрман Жүрсүн чакырса барбай эле койгулачы алтындарым. Баары бир ал киши силердин кадырынарга жетпейт, өзүбүздүн акыйкат, адил, калыс айтышыбызды өткөзүп эле эки бир тууган элдин ынтымагын чыңалта берели
, — деген пикирин калтырган.

Ырас, казак акыны өз учурунда кайра кечирим сурап үлгүрүп калды. Бирок бул айтылган сөздөр акындарга эле эмес, бүтүндөй кыргыз элинин жүрөгүндө таарыныч катары калып калды десем жаңылышпайм.

Ал эми Андрей Малахов өзүнүн айткан сөздөрүн кайра артка кайрып алабы? Качанкыга чейин кыргыз эли башка өлкөлөрдүн айлыгына муктаж болуп, бөтөн эл, бөтөн жерде турмуштун ар кандай сыноолоруна кабылып жүрө беришет деген суроо жаралат…

P.S. Эмне үчүн биздин жарандарыбыз башка өлкөнүн экономикасын алдыга жылдырышыбыз керек? Өз өлкөбүздө татыктуу айлыгы менен жумуш орундар түзүлсө, эл аралык аренага чейин биздин мигранттардын маселеси, Кыргызстандын айлыгынын аздыгы дагы толгон-токой көйгөйлөр айтылмак эмес. Макул, Малахов кечирим сурады дейли. Эртеби-кечпи айлык акы проблемасы Кыргызстанда ачык бойдон кала берет. Дагы башкасы эртеңки күнү чыгып сүйлөсө, биз ар бир инсандан «кечирим сура, кыргыз элинен» деп кантип айтабыз…

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөт www

Кыргыздарды «кемсинткен» эмгек акы” жөнүндө ой-пикирлер

  1. Эля

    Эн туура ,орустар бизди онукпой калган карангы Эл катары баа беришет.Мен да Орусияда иштейм 18жыл мектепте мугалим болу пиштедим ,айлык аз он мин эч нерсеге жетпейт .Чогуу иштеген орустар менен чай устундо баарлашып отуруп мен эки дипломум бар балдарым студент десем тан калат ,кыскасы биздин мамлекет орточо айлык акыны 15-20миндин тегерегинде которуп койсо оруска коз каранды болбой мекенибизге кучубузду бермекпиз,озу жумуш убактысы 8саатка чегерилсе биздин жарандарыбыз орустун ишин 12сааттан иштейт,ойгон ,ойлон жетекчилер…!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.