Президент көлдүн эли менен жолугат

Окуялар тизмеги 26 Сен 2019 09:16
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына жумуш сапарларын улантууда. Бүгүн 26-сентябрда мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда болот.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушат.

Мындан тышкары, экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.