Кыргызстанда орточо пенсия 5604 сом

Окуялар тизмеги 26 Сен 2019 16:30
0 ой-пикир

Социалдык фонддун жетекчиси Медер Ирсалиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып 400 сом менен пенсияга чыккандар бар экенин маалымдады. Мунун себеби — ал жарандардын бир жылдык стажы гана болгон.

Ирсалиевдин маалыматына караганда, 10 миңге жакын киши 2000 сомго чейин, 3000 сомго чейин 92 миң киши, 4000 сомго чейин 86 миң киши, 4000 миң сомдон жогору 56 миң киши пенсия алат. Өлкө боюнча жалпысынан 667 миң пенсия алуучу бар. Алардын ичинен майыптыгы боюнча 116 миң, жетимдер 39 миң киши. Кыргызстанда орточо пенсия 5604 сом. Ал эми жарандардын бир айлык жашоо чыгымы 4283 сом деп эсептелген. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.