Билим берүү министри Каныбек Исаков ант берди

Окуялар тизмеги 25 Сен 2019 10:37
0 ой-пикир

Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришти.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Ал жаӊы өкмөт мүчөсүнө ант берүү менен кошо чоӊ жоопкерчилик артылып жатканын эске салып, мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө чакырды. Мындан сырткары буга чейин министрликтин дарегине сын, нааразычылыктар көп болгонун айтып, жаңы министрге артылган жоопкерчилик чоң экенин белгиледи.

Мыйзам боюнча жаӊы дайындалган өкмөт мүчөлөрү парламентте ант берет.

Исаков буга чейин Ош мамлекеттик университетин жетектеп келген. Ал өз каражатына билим имараттарын салдырган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.