Кыргыз тили өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп бере алабы…

Аналитика, Статьялар 24 Сен 2019 18:29
0 ой-пикир

«Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан».

Быйыл республика боюнча «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленүүдө.

«Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири – тили, бири –дили ак көңүл»

Жусуп Баласагын, «Куттуу Билим»

Кыргыз тилинин абалы тийиштүү деңгээлде кадырланып-баркталбагандыгы көңүл оорутат. Баарына белгилүү болгондой, кыргыз тили бала бакчадан, үйдөн башталышы керек. Учурда бала бакчалар «орусташып» кеткен. Бала үйүндө да, бала бакчада андан кийин мектепте, жогорку окуу жайында орусча сүйлөп калат. Бул жаатта акыркы жылдары бала бакчаларда кыргыз тайпалары ачылып, орус мектептерде кыргыз класстары ачылууда. Бирок, абал көңүл жылытарлык эмес. Анткени ата-энеси үйдөн бала менен орусча баарлашып, ага тийиштүү деңгээлде кыргыз тилинде сүйлөшпөй жатканында. Адатта элет жергесинен келген балдар орусча сүйлөй алышпай кыйналышат. Бирок биздин өлкөдө мамлекеттик тил кыргыз тили болгондуктан, көпчүлүк кыргыз тилинде сүйлөшпөй жатканы кейитет. Серепчилердин баамында кыргыз тилине качан гана тийиштүү талаптар коюлганда, ал тил көп пайдаланылат. Ал үчүн кыргыз тилине тереңирээк көңүл бурулуп, сабактар берилиши керек.

Кыргызча сүйлөсөң, кайра сага орусча жооп узаткан заман

Кыргыз тили үчүн күйүп-жангандар саналуу эле. Азыр көпчүлүк башка тилге ыктап, кыргызча сүйлөбөгөндүн амалын жасашат. Элет жергесинде болсо, абал туруктуу болгону менен айылдарда жеткинчек балдарын орусча үйрөтүп, уул-кыздарын орус класстарга бергенге шашышат. Мунун бир себеби — балдар ЖОЖдорго тапшырганда кыйналып, орусча билбей калат деп түшүндүрүшөт. Жыйынтыгында ал окуучу же орусча толук билбейт же кыргызчаны өздөштүрө албай жатканында. Мындан улам, бала сабактарын түшүнбөй да калып жатканынын себеби ушунда дешет агартуучулар. Борбор калаада эгер сен кыргызча сүйлөсөң, сага тейлөө да тийиштүү деңгээлде болбойт. Ал эми орусча сүйлөй турган болсоң, анда сага мамиле да башкача нукка бурулганын көрүп-билип жүрөбүз.

Мигранттардын балдары кыргызча түшүнбөйт

Эң эле өзөктүү көйгөйлөрдүн бири — бул мигранттардын балдарынын тили кыргыз тилинде чыкпай жаткандыгында. Ата-энеси кыргыз болгону менен алар башка өлкөлөрдө туулуп, тарбияланып, тили кыргызча чыкпай жатат. Статистикага таянсак, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун билдиришинче, ушул тапта бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын жалпы саны 1 миллион 200 миң экенин, анын 500 миңи орус жарандыгын алган. Ошондо тыянак чыгарсак, бала көпчүлүк убактысын ата-энесинин жанында ар дайым жүрбөгөндүктөн, айлана-чөйрөсү, достору орусча гана сүйлөгөндүктөн ал дагы аргасыз ошол тилде гана баарлашып калат.

Президент: «Кыргыз тилине болгон мамиленин өзөгү жергиликтүү элдин өзүнүн жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилесинде болуп жатат»

Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, 2014-2020-жылдар үчүн кабыл алынган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын мөөнөтү аяктап баратканын кеп кылып, акыркы изилдөөлөр боюнча мамлекеттик мекемелердин кырк пайызга жакыны гана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүп жатканын, алардын да сапаты жакшы эместигин, бул мамлекеттик тилге болгон ишенимди жоготот деди.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тилин илимдин, интернеттин жана технологиянын тили кылуу — мезгил талабы экенин белгилеп, кыргыз тилин өнүктүрүүдө маселенин өзөгү жергиликтүү элдин өзүнүн жоопкерчиликсиз жана кайдыгер мамилесинде болуп жатканын санап өтүп, балдары менен кыргыз тилинде сүйлөшпөй калган шаардык ата-энелерди сынга алды.

Сооронбай Жээнбеков

“Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек. Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыйбабызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаңы программа түзүү милдети турат. Жаңы программа кагаз жүзүндө эле калбашы үчүн тилди өнүктүрүүнүн анык механизми, чыныгы жол картасы болушу зарыл. Бул багытта иштерди азыртадан баштоо керек. Өкмөткө ушул өтүнүч менен кайрылам. Жогорку Кеңештен Тил саясатын аныктаган мыйзамдар тутумун терең талдап, тиешелүү мыйзамдарга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөм”.

Назаркул Ишекеев, Тил боюнча комиссиянын төрагасы

Назаркул Ишекеев: «Башчы болом дегендердин «Кыргызтесттен» В2 деңгээлинде сертификаты болушу шарт«

Президенте караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев «Кыргызтест» системасы иштей баштаганы жана айрым мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөр — Мамлекеттик тилге болгон муктаждыкты жаратат деген ишенимде.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү депутаттардын статусу, борбор шаардын мыйзамы тууралуу мыйзамдарда жаңылыктар бар. Ал бизге эмнени берет? Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар. Ага башчы болом дегендердин «Кыргызтесттен» В2 деңгээлинде сертификаты болушу шарт. Эгер бул талапты аткарбаса, анда ал талапкер жергиликтүү шайлоо комиссиясынан өтпөйт. Өлкөдө 35 шаар бар. Аларга мэр болом дегендерге да ушундай шарт коюлат”.

Турсунбай Бакир уулу

Турсунбай Бакир уулу: «Ислам дини — кыргыз элин жана тилин сактады»

Орусиянын Сибиринде жана Крайний Северинде жоголуп кетип жаткан теңирчиликте жашаган элдер жөнүндө: «Эгер алар да ислам дининде жашаганда бүгүн көп сандуу эл болмок, улут катары тилин, дилин, маданиятын сактап калышмак. Бирок теңирчилик басып алган элдин динине, каада-салтына туруштук бере албай ошол элдерди жоголушуна же кескин түрдө азайганына алып келди. Керек болсо тили да жоголуп, аты-жөнү да аларды басып алган элдикиндей болуп калган. Эгер биз деле мусулман эмес, а теңирчи болуп жүргөнүбүздө бүгүн Кыргызстан жана кыргыз эли жок болмок, бар болсок — анда аз сандуу, жоголуп кете жаткан элдердин арасында болмокчубуз. Ислам гана кыргыз элин сактады!».

«Ар дайым кыргызча сүйлөсөк, башка улуттар да бизди сыйлашат»

Бактыбек Алиев, интернет колдонуучу: — Адамдар алгач өзүн сыйлоого муктаждык жаралмайын, аны эч ким сыйлоого милдеттүү эмес. Мүңкүрөп, кулдук психологияда жашаган кул мүнөз бечара эл башкаларга жагалданып турууга аргасыз болот. Мындай мүнөз кутуп алган эл намыс тууралуу ойлогонго чамасы жетпей калат.

Нуржан Найзабекова, «Спутник» басылмасынын пресс-катчысы: -Фбны карап отурсам, кыргыз тили тууралуу жакшы посттор бар экен — «кыргыз», «киргиздер» жөнүндө. Эң эле жөнөкөй нерсеге көңүл бурууну чакырам. Балдарыбыз ата-энесине кандай кайрылат? Ооба, көбүнчө учурда «мама», «папа», ал эми чоң атасын, чоң апасын «ата», «апа» деп айтышат. Алгач, ар кимибиз ушуну чечип алалы. Чын айтсам кыйын экен. Башыман өткөн, азыр деле өтүп жатат.

Жакшы, жолдошум туура көрүп колдоду. Балам кудайга шүгүр, кыргызча сүйлөйт. Бирок коомчулук ар дайым ага «мамасы» деп айтышат. Аларга да айтам балам менен кыргызча сүйлөгүлө деп. Садиктеги орус улутундагы тарбиячылар да балама кыргызча кайрылышат. Бирок, тилекке каршы, мультфильмдер кыргыз тилинде өтө аз. «Керемет көчтү» көрсөтчү элем андан эбак тажаган. Ушу «Баластан» каналы үч тилдүү көрсөтүүлөрдү берет. Суранат элем, башка тилдерди коюп, бир гана кыргыз тилинде болгондо, тил үйрөнүүгө жакшы өбөлгө түзүлөөр эле. Интернетте ансыз деле толтура башка тилдеги контент. Жок дегенде улуттук каналыбызда кыргызча болсо. Анткени ар бир кыргыз баланын тили — эне тилинде чыгыш керек — бул алардын табигый укугу — улуту менен тили.

Албетте, бала башка тилдерди билиш керек, бирок өзүнүн эне тилинен кийин гана. Биз балдарыбыздын тандоо укугунан ажыратып жатабыз, башка тилди, башка маданиятты тааңуулап. Кыргыз тилин билбегенине өкүнгөндөр канча? Мисалы, ата-энем орусча үйрөтүп койгон деп. Ал эми азыр көбүнчө ата-энелер бир гана англис тилинде сүйлөшөт балдары менен. Ошол себептен азыркы ата-энелерге кайрылат элем, бирөөнүн баласын «киргиз» деп, кыргызча билбейсиң, туура эмес жазасың дегендин оордуна балаңыздар кайсыл тилде сүйлөп жатканына баш багыңыз. Ошондо эне тилибиздин келечеги болот, балдар да туура өнүгөт «маңкурт» болбой, — деп өзүнүн оюн жыйынтыктаган.

Жыйынтыктоочу сөзүмдө, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил майрамында гана кыргыз тилине көңүл бурбастан, ар дайым ага басым жасап, көбүрөөк эне тилибизде сүйлөшүбүз керек. Анткени бир гана биз кыргыз тилин алып жүрүүчүлөрдөнбүз жана аны өркүндөтүп-өстүрүүгө колубуздан келет.

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Сүрөттөр интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.