Борбордо жол кырсыгынан 4 адам ар кандай жараат алды

Окуялар тизмеги 23 Сен 2019 11:03
0 ой-пикир

Бишкектеги Фрунзе-К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү эки автоунаа кагылышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын маалыматына ылайык, 21-сентябрда болжол менен саат 23:00дөр чамасында Б.А., аттуу айдоочу «Хонда Фит» автоунаасы менен К.Акиев көчөсүндө түндүк багытта бара жатып, Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде 29 жаштагы Ж. уулу А., башкарып келе жаткан «Хонда Фит» унаасын сүзүп алган.

Кырсыктан 4 адам жабыркаган. Автоунаалар атайын айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.