Бизге президенттин кайрылуусу керекпи?

Аналитика, Статьялар 23 Сен 2019 14:22
0 ой-пикир

Сере ЧАЛКАНОВА — атайын Elgezit.kg үчүн

Азыркы Президент Сооронбай Жээнбековдун биринчи жана азырынча акыркы кайрылуусу 2018-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин трибунасында айтылган. Саясатчылардын жана эксперттердин пикиринде, 35 мүнөткө созулган ал кайрылуу 2018-жылдын башында Коопсуздук кеңешинде өлкө башчы тарабынан айтылган сөздөрдүн кайталоосу болду. Коррупция менен күрөш, соттук реформа, адам укуктары – кайрылуунун өзөгүн түзгөн. Сынчылар бул кайрылууда өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты жана мөөнөтү, коюлган пландарды ишке ашыруу жолдору айтылбаганын белгилеп келишет. Бирок бир дагы жолу элге кайрылбаган Атамбаевге салыштырганда, Сооронбай Жээнбеков трибунага келип элге кайрылганы позитивдүү белги катары бааланган.

Андан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. Өлкөдө улутту ойлонткон, саясий кризистин башатын билдирген бир нече окуялар болду. Кыргыз коомчулугу жакынкы убакта өлкөнү эмне күтүп турганын түшүнүү үчүн кайрадан Президентти уккусу келүүдө.

Кайрылуу программалык документ сыяктуу

Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти элге жана парламентке кайрылуу жолдой алат, бирок муну жасоого милдеттүү эмес.

Баш мыйзамдын авторлору 2010-жылдан кийин Президенттин милдеттүү түрдө элге кайрылуусу керек деген норманы алып салышканын өлкөнү башкаруу формасынын өзгөргөнү менен түшүндүрүшкөн. Башкача айтканда, Президент башкаруу системасында башкы адам болуп турганда ал бийлик бутактарынын жана социумдун багыттарын белгилеп берип туруусу керек болчу. Бирок парламенттик республикада Президентте өкүлчүлүк функциялары гана калат. Мындан улам анын кайрылуулары сунуш катары гана каралып, сөзсүз түрдө аткарылышы керек эмес. Бирок Кыргызстан парламенттик-демократиялык өлкө болуп кеткен жок. Президент саясий аренада башкы адам бойдон эле калууда, ошондуктан анын кайрылуулары абдан маанилүү. Себеби дал ошол кайрылууда өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттары жана алар боюнча Президенттин көз карашы камтылат эмеспи. Өлкө башчысы негизги көйгөйлөрдү белгилеп, аларды чечүү жолдорун аныкташ керек.

Болбосо коомчулук багытын жоготот. Оюндун эрежеси жок болот. Бийлик өлкөнү кайда алып бара жатканы, кандай максаты бар экени жана ага кандай жолдор менен жетери элге анык болушу шарт. Болбосо боштук башаламандыкка алып келчү ушактарга толот.

Парламенттик шайлоо качан болот?

Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында парламентте Өкмөттү коргоп сүйлөгөн кыскача сөзүндө Сооронбай Жээнбеков күзүндө өтө турчу парламенттик шайлоонун эрежелери аныкталарын билдирген. Күздүн биринчи айы өттү. Президент парламентке качан келерин анын аппаратындагылар да билишпейт экен. Мындан улам Ак үй алдыда боло турган шайлоо боюнча жалпы стратегияныиштеп чыга элек, ошондуктан ар кандай ушактар тарап жатат. Акыркы убакта эң көп талкууланган – бул Жогорку Кеңеш жакында тарай турганы тууралуу маалыматтар.

Ар ким бул маалыматты ар кандай өңүттө таратууда. Декабрь айында тарап, февраль айында шайлоо болот дегендер бар, айрымдар жаңы жылдагы майрамдардан кийин тарап, жазында шайлоо болорун боолгошууда.

Мунун баары Ак үй тараптан эч кандай маалымат болбогондуктан улам айтылууда. Балким бул чындык жана бийлик мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү менен күтүүсүздөн чыгуучу окуялардын алдын алып, лоялдуу парламенттик көпчүлүктү алып келеби деген ой жаралды.

Казакстандын үлгүсү.

2-сентябрдан тарта Казакстан Президент Касым-Жомарт Токаевдин алгачкы кайрылуусун талкуулап жатат. Токаев саясий модернизация керектиги тууралуу айтканы эксперттерге дем берди. Назарбаевдин кайрылууларына салыштырмалуу бул жаңылык болду, себеби мурда алгач экономика тууралуу кеп болчу. Албетте, сындар да жок эмес. Токаевди кайрылуунун саясий бөлүгүндө эч кандай конкреттүү нерселерди айткан жок деп сындашууда. Бирок сынчылар дагы бийлик коомчулуктун үнүн угуп жатканын моюндарына алышууда.

Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусу кандай болушу мүмкүн?

Коомчулук келерки шайлоо жылына карата Президенттен белгилүү максаттарды жана тапшырмаларды уккусу келет деген тыянакка келген соң, Сооронбай Жээнбековдун экинчи кайрылуусу кандай болушу мүмкүн экенин элестетип көрөлү.

Негизги тезистер:

· Парламенттик шайлоо. Шайлоо мыйзамы боюнча кандайдыр бир өзгөрүүлөр болобу, болсо кандай жана качан? Жогорку Кеңеш тарайбы же жокпу?

· Өкмөт. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерин толук кандуу аткарып жатабы. Абылгазиевдин Өкмөтүнүн кемчиликтери жана артыкчылыктары. Өкмөт алмашабы?

· Коррупция менен күрөш. Коррупциялык схемалар жана чуулуу коррупциялык иштер.

· Кыргыз-тажик чек арасындагы абал – сүйлөшүү кандай жүрүп жатат, чек ара качан демаркация жана делимитация болот, тажик тараптын сунуштары кандай болуп жатат ж.б.

· Бийлик басым жасагысы келген негизги экономикалык долбоорлор. Кийинки жылдын аягына чейин өлкө doing business рейтингинде канча тепкичке көтөрүлө алат?

· Соттук реформа – максаты жана ага жетүү жолдору. Соттордун көз карандысыздыгы кантип камсыз кылынат?

Бул бийлик кандай реакция кылары тууралуу коомчулук билгиси келген көйгөйлөрдүн бир бөлүгү гана. Эл жогорудагы суроолорго жооп угабыз деп үмүттөнүп турушат. Күтө туралы.

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.