УКМК Атамбаевдин жан сакчысын эмне үчүн кызматтан кетиргенин түшүндүрдү

Окуялар тизмеги 20 Сен 2019 18:29
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 9-кызматтын кызматкери Канат Сагымбаевдин кызматтан кетирилиши боюнча түшүндүрмө берди.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, өздүк коопсуздук кызматы Канат Сагымбаевге карата эки кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

«Июль айында К.Сагымбаев, кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды тапшырып, атайын техниканы гаражга тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгон. Анын жыйынтыгында ага эскертүү (толук эмес кызматка ылайык келбегендик) берилген», — деп айтылат.

УКМКдан белгилешкендей, сентябрь айында кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, УКМКнын ички нускамасына карабай анын ММК өкүлдөрү менен байланышта болгон фактысы аныкталган.

«Жогорудагы кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Канат Сагымбаев «Кызматка ылайык келбегендик» беренеси боюнча улуттук коопсуздук органдарынан кетирилди», — деп билдиришти УКМКдан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.