УКМКнын кызматкери Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганы үчүн кызматынан айрылды

Окуялар тизмеги 20 Сен 2019 15:01
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Тогузунчу башкармалыгынын кызматкери, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагынбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Адвокаттын билдирүүсүнө таянсак, Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы «Кызматтык дал келбөөчүлүк» деген жүйөө менен кызматтан алынган. Негиз катары, Тогузунчу кызматтын офицери Канат Сагынбаев видеоролик аркылуу Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаганы болгон.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Фейсбуктагы баракчасына жансакчынын кызматтан кеткендиги туралуу зазуу калтырган.

«Бүгүн Канат Сагынбаевдин УКМКнын кызматкери деген күбөлүгүн алып салышты. Аны иштен бошотуу тууралуу буйрук менен тааныштырышты. Буга себеп, ал Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган. Канат Сагынбаев Кой-Таш окуяларында Тогузунчу кызматтын офицери катары өз милдетин так аткарып, мурунку президентти коргогон», -деп жазган Кадырбек Атамбаев.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Учурда Канат Сагынбаев үй камагында.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.