Чек арадагы абалды кантип жөнгө салуу керек?

Аналитика, Статьялар 18 Сен 2019 16:08
0 ой-пикир

Cеметей АМАНБЕКОВ — Elgezit.kg сайтынын башкы редактору

Чек арада миналар жарылууда

Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч болгон жок. Тажик тарап Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы “Максат” чек ара бекетин, андан соң “Сай” чек ара бекетин минометтор жана гранатометтор менен аткылаган. Анын кесепетинен атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын прапорщиги Равшан Муминов каза болгон. 13 кыргызстандык жабыркаган, алардын ичинен үчөөнүн абалы оор.

Тажик тарап биринчи жолу оор куралдарды колдонду. Балким, Тажикстандын армия күчтөрү дагы тартылган деген божомол бар (коңшулардын чек арачыларында минометтордун бар экени ушундай ой жаратат). Тажик тараптан чек арага кечиктирилбестен бронетехника тартылды. Жергиликтүү аткаминерлер, андан соң кечирээк болсо да окуя курчуп турган жерге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен барган аткаминерлер сүйлөшүү жолу менен абалды бир аз жөнгө сала алышты.

Бирок көйгөй чечилген жок. Эки өлкөнүн башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон жолугушкандан кийин деле абал өзгөргөн жок. Өлкө олуттуу чуу башталуу коркунучуна кептелди. Жаңжалды басыш үчүн бийлик кандай аракет кылат?

Эмнеге тажик тарап кыжырданууда?

Жаңжал дагы деле эки өлкөнүн ортосундагы такталбаган жерлерден улам чыкты. Тажикстандын жарандары чек арадагы такталбаган жерде курулуш иштерин жүргүзө башташкан (он жүк ташуучу унаа шагыл төгүшкөн), буга жооп катары Кыргызстандын жараны ошол аймакта жайгашкан үйүнүн айланасына дубал куруп баштаган.

Эмнеге мурда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө карабастан, тажик тарап аны бузууда жана Тажикстандын аскер кызматкерлери жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн ордуна кыргыз чек арачыларына ок чыгарган деген суроо туулат. Бул атайын чыгарылган провокациябы? Сыйлабастыгын көрсөтүшкөнүбү же куралдары менен мактануубу? Эмнеге тажик тарап мынча кыжырданууда? Бул суроолорго бир нече жооп бар.

· Демографиялык абал жана Тажикстандын жарандарын кыргыз чек арасындагы жерлерге жайгаштыруу. Акыркы 27 жыл ичинде Баткен облусунан ишке жарамдуу жаштар жакшы жашоо издеп Бишкекке же Россияга кетишүүдө. Көптөгөн үйлөр жана жер тилкелери тажик жарандарына сатылып, жылдан жылга алар чек арадагы кыргыз жерлерине отурукташууда. Баткен облусунда “жылма миграция” күчөп, такталбаган жерлерге отурукташуу маселеси курч бойдон калууда. Массалык түрдө миграция коңшу өлкөдө деле жок эмес, бирок ал жакта демографиялык абал башкача болгондуктан Кыргызстанга салыштырмалуу жерлер тартыш. Ошондуктан кошуналар талаш жерлерге отурукташууда.

· Мамлекеттик бийликтин аброюнун төмөндүгү. Акыркы он жылда бийликтин аброю, легитмдүүлүгү, касиети тебеленүүдө. Бийликтин касиети туруктуулукка, тартипке чакырса, легитмдүүлүгү – өнүгүүгө жана жаңыланууга жетелейт. Революциялар, митингдер, реформалардын жоктугу, коррупция, саясий жаңжалдар, жарандардын аткаминерлерге ишенбегендиги, жогорку мамлекеттик кызматтагылардын жүрүм-туруму – бийликтин касиетин жана өлкөнүн мамлекеттик институттарынын деңгээлин төмөндөттү.

Албетте, мунун баары коңшулардын көз жаздымында калган жок жана алардын биздин бийлик алсыз деген пикирин бекемдеди. Ошондуктан эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин дагы чек арадагы абал жөнгө салынган жок.

· Өлкөнүн тышкы саясат боюнча стратегиясы алсыз. 17-сентябрга караган түнү Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажик кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен сүйлөшүү жүргүздү. Сүйлөшүү чыр ырбап, чек арачы каза болгондон кийин болду. Тажик маалымат булактары ал тараптан да каза болгондор бар экенин билдиришүүдө. Буга чейин КРнын ТИМи алдын ала эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөндөй, жүргүзсө дагы жыйынтыктары тууралуу коомчулукка маалымат берген эмес.

Бул абал Кыргызстанда чек ара маселесин чечүүгө багытталган тышкы саясий стратегия жана тышкы саясат боюнча иш алып баруу үчүн бийлик органдарынын ортосунда координация жок деген ойлорду жаратууда. Ошондуктан чек ара көйгөйү чечилбестен, убакыттын өтүшү менен тескерисинче күч алууда.

· Сапаттуу аналитиканын жана маалыматтын жоктугу.

Ресурстук камсыздоо алсыз жана өлкөнүн мамлекеттик аппараты тажрыйбалуу кадрларга муктаж болгондуктан, мамлекеттик чек арадагы көйгөйдү чечүү үчүн сапаттуу сунуштар жана чечимдер болбой келет. Кыргызстанда азыркыга чейин тышкы саясат маселеси гана эмес, өлкөнүн экономикасы, социалдык тармагы, коргоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пландарды түзө турган аналитикалык бөлүм жок. Сапаттуу аналитикалык маалыматсыз жана стратегиялык пландоосуз өлкөдөгү олуттуу көйгөйлөрдүн бирин дагы чечүүгө мүмкүн эмес.

· Армиянын алсыздыгы. Коңшулар аскердик чыр күчөп кете турган болсо, кыргыз армиясы мыкты даярдык менен туруштук бере албастыгын түшүнүп турушат. Биздин Куралдуу күчтөрдүн абалы алардын колу-бутунун байлоосун чечип, биздин аскерлерге жана жарандарга карата ок чыгарууга жол ачууда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кыргыз армиясынын күчтүү экени тууралуу айтып мактанганы куру сөз экени билинди. Куралдуу күчтөрдү каржылоонун аздыгы, заманбап куралдар менен камсыз болбогону, офицердик курамдын тажрыйбасынын аздыгы, аскерлердин жана сержанттардын моралдык даярдыгы төмөн болгону азыркы кыргыз армиясынын жүзү. Аскер бөлүктөрүндөгү шалаакылык жана уставга жараша мамиле болбогону да жашыруун эмес. Ал жакта ар кандай зээн кейиткен окуялар болуп турары да баарыбызга белгилүү. Материалдык-техникалык абалдын начардыгы, каражаттын жоктугу өзүнчө кеп. Аскердик бөлүктөрдө болсо азыркы күндүн талаптарына жооп бербеген совет мезгилиндеги техника гана бар.

Бишкектеги парад. Танк Т-72

· Аймакты колдоо жана турак-жайларды куруу үчүн жеңилдик, бюджеттен субсидия берүү боюнча мамлекеттик программанын жоктугу. Ошондой эле жергиликтүү органдарда иштеп, тиешелүү кызматтардын жоктугунан айрым маселелерди чечкен кызматкерлер үчүн эч кандай жеңилдиктин жоктугу.

Кандай чараларды көрүү керек?

· Маанилүү мамлекеттик органдарды түштүккө которуу. Маанилүү мамлекеттик мекемелердин бир бөлүгүн өлкөнүн түштүгүнө которуу үчүн өлкө жетекчисинин эрки күчтүү болушу керек. Мамлекеттик чек ара кызматын, Коргоо министрлигин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, жада калса, балким, УКМКны дагы Баткен облусуна, эч эле болбоду дегенде Ош облусуна көчүрүү керек. Бул аймакта жашагандарды моралдык жактан күчтөндүрүп, күтүлбөгөн кырдаалдар болгон учурда тезинен чечим кабыл алууга шарт түзүп, укук коргоо органдарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен болгон ишин жакшыртып, жеринде маанилүү маалыматтарды топтоого мүмкүнчүлүк түзөт. Мындан сырткары, борбордук органдардагы мамлекеттик кызматкерлер аймактык аткаминерлер менен тажрыйба алмашышмак.

Ошондой эле бул түштүк аймактардын, өзгөчө Баткен облусунун социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болмок.

Бул оор иш, бирок ишке ашырса болот. Негизги тоскоолдук каражатта эмес, аткаминерлердин ыңгайлуу жерден кеткиси келбегендигинде болушу мүмкүн. Ошондуктан муну аткаруу үчүн өлкө башчысынын эрки Назарбаевдикиндей абдан күчтүү болушу зарыл. Ал борборду гүлдөгөн Алматыдан шамалдуу Астанага көчүргөн болчу.

· Алыскы аймактарды өнүктүрүү жана чек ара маселелерин чечүү үчүн стратегиялык план иштеп чыгуу. Абалды оңдоо үчүн Ак үй академиялык топтор жана аналитикалык борборлор менен байланыш түзүүсү абзел. Биргелешип артта калган аймактарды, биринчи кезекте Баткен облусун өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуусу керек. Ал жактарда керектүү инфраструктураны (ооруканаларды, мектептерди, бала бакчаларды ж.б.) жакшыртуу шарт, ошондой эле жеңилдетилген салык боюнча өндүрүш ишканаларын иштетип, кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү зарыл. Алгач коммерциялык түзүмдөр үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү абзел, ошондо гана облуста жумуш орундары түзүлүп, экономика өнүгөт. Демек, кыргызстандыктар Баткен облусун таштап кетишпей, ал эми соодагерлер тажик тарапка сатылып кеткен үйлөрдү жана жер тилкелерин кайра сатып алышмак. Сугат жана таза суу менен камсыз кылуу, электр энергиясы маселелерин тез арада чечүү менен жергиликтүү тургундарга турак-жай курууга жана туулган жеринде калууга мүмкүнчүлүк түзсө болот.

Премьер Абылгазиев Баткен облусундагы такталбаган аймактарды кыдырууда

Ошондой эле такталбаган жерлерди демаркация жана делимитация маселесин тезинен чечүү үчүн атайын адистерди – тарыхчыларды, топографтарды, конфликтологдорду, аналитиктерди, дипломаттарды, жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдарды тартуу зарыл. Балким, эл аралык адистерди дагы тартуу керек болот. Бул көйгөй чечилмейинче чыр чыга берери турган иш.

· Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана ТИМде кадр саясатын бекемдөө.

Белгилүү болгондой, кадр саясаты – бул ийгиликтүү жана эффективдүү дипломаттык кызматтын негизи. Дипкызмат айрым саясий көз караштардан улам дайындалган, кайсы бир партияга тиешеси барлар кызматка келген, жаш, тажрыйбалуу кадрлар кире албаган “жабык клуб” болбошу керек.

Ошондой эле дипломатиялык кадрларга болгон талаптарды күчөтүү зарыл, тактап айтканда, бир нече чет тилин билүү, башка тармактарда дагы тажрыйбалуу болушу шарт ж.б.

Аймактарда кадрларды тарбиялоо керек. Мамкызматка алууда тааныш-билиштикти жойбосок, анда мамлекеттин келечеги бүдөмүк бойдон кала бермекчи.

Мамбийликтин аброюн жана касиетин кайрып алуу үчүн мамлекетти башкаруу түзүмүндө реформаларды жүргүзүү, кадрларды тажрыйбасына, ишинин натыйжасына карап дайындоо шарт.

Бир жагынан алганда тажрыйбалуу, кесипкөй, экинчи жагынан жаш, патриотторду ишке алуу – мамлекеттик кызматкерлердин эффективдүү иштөөсүн камсыз кылуу.

· Өлкөнүн түштүгүндө Россиянын экинчи аскердик базасын же Канттагы авиабазанын өкүлчүлүгүн ачуу.

“Улуу агабыздын” күчүнүн болушу, аймактагы жаңжалдын күч алуусун басаңдатмак.

· Армияны күчтөндүрүп, моралдык духун көтөрүү. Наполеон Бонапарт: “Өз армиясын бакпаган эл, башканын армиясын багат” деген. Күчтүү, мобилдүү, техникалык жактан жабдылган, моралдык жана физикалык жактан күчтүү армия – өлкөнүн көз карандысыздыгы жана элдин эркиндиги. Кыргыз армиясын курал менен камсыз кылуу үчүн программа иштеп чыгып, офицерлерди, прапорщиктерди турак-жай менен камсыз кылуу үчүн каражаттарды таап, ошондой эле өлкөнү коргоо үчүн жаңы стратегия иштеп чыгуу зарыл. ШКУнун, ЖККУнун алкагында биргелешкен окууларды өткөрүүдөн сырткары согуштагы заманбап ыкмаларды эске алуу менен окуу программаларын иштеп чыгуу керек. Аскер кызматкерлерин даярдоо программасын, ошондой эле аскердик окуу жайлардагы аскердик-билим берүү программаларын кайра карап чыгуу керек.

Сүйлөшүү жүргүзүү учурунда Аль Капоненин: “Жакшы сөз менен гана эмес, жакшы сөз жана тапанча менен көп нерсеге жетише аласыз” деген эрежесин эске алыңыздар.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.