Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен эмнеге жолукту?

Аналитика, Статьялар 17 Сен 2019 11:27
0 ой-пикир

Өткөн жумада өлкөдө 2010-жылдын 7-апрелинен кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт кайрадан эске түштү. 2010-жылдын 7-апрелинен 8-апрелине караган түнү өлкөнү башкарууну өзүнө алган бул органдын курамында 14 адам болгон. Өткөн жумада, 10-сентябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 21-августта Жогорку соттун чечими менен үй камагына чыгарылган Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов менен жолугушту. Ал эми ишемби күнү, 14-сентябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков резиденцияга тамакка чакырды. Жолугушуу жабык эшик артында болду, бирок айрым маалыматтарга ылайык ал жактагы жалпы картинаны билсек болот.

Алгач жолугушуу эки саат болору айтылган, бирок саясатчылар төрт саат баарлашышты. Чогулгандардын ар бири кыскачы сөз сүйлөшкөн. Жолугушууга Сооронбай Жээнбековдон сырткары Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров, Элмира Ибраимова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Дүйшөнкул Чотонов, Абдыганы Эркебаев жана Исмаил Исаков катышкан.

Эмне тууралуу сүйлөшүштү? Маанилүүсү.

· Кийинки жылы 7-апрелдеги окуяларга 10 жыл болот. Бул күндү мамлекеттик деңгээлде белгилөө пландалууда. Иш-чаранын планын иштеп чыга турган уюштуруу комитети түзүлөт.

· Амнистияга илинбей калган Садыр Жапаров тууралуу сөз болду. Ошондой эле Президент Текебаев менен Чотоновго да карата адилеттүү соттук териштирүү болоруна ишеним артарын билдирди.

· Парламенттик шайлоо Конституцияга ылайык өтөт. Президент шайлоодогу мажоритардык системага кайтууга каршы экенин билдирди.

· Өлкөдөгү коомдук-саясий абалды талкуулашты.

· Масштабдуу инвестициялык долбоорлор тууралуу сүйлөшүштү. Тактап айтканда, “Бир кур – бир жол” кытай демилгесинин алкагында темир жолун куруунун зарылчылыгы тууралуу кеп болду.

· Президент чогулгандардын арасында Алмазбек Атамбаевдин жок экенине өкүнүп жатканын билдирип, мурдагы президент менен анын ортосундагы карама-каршылыктар ачык конфликтке айланып кетпеси үчүн бар күчүн жумшаганын билдирди. Бирок, болору болгонун айтты. Бул сөз жолугушуудагы негизги “ой” болду десек болчудай.

Мунун Сооронбай Жээнбековго эмне кереги бар эле?

1. Коммуникация үчүн. Сооронбай Жээнбеков коомчулукка көп чыга берүүну жактырбайт. Бирок коммуникация болуусу керек. Ошондуктан ал ар түрдүү саясий өкүлдөр менен расмий эмес жолугушууларды өткөрүп келет. Көз карандысыздык күнүндө Президент резиденцияда мурдагы төрагаларды жана премьер-министрлерди чогулткан болчу. Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдиргендей, Президент жарандык коом жана ММК өкүлдөрү менен дагы бейрасмий жолугушууларды өткөрүүнү пландоодо.

2. Имидж үчүн. Атамбаевди камакка алган соң өлкөдө түндүк, түштүккө бөлүнүү башталды. Президент өлкөнү бириктирүүчү имиджин кайрып алып, ар кандай саясатчылар менен диалогго барууга даяр экенин көрсөтүп жатат.

3. “Апрель ыңкылабынын идеалдарына” болгон мамилеси түз экенин көрсөтүү үчүн. Бирок конкреттүү пикирин билдирбестен Убактылуу өкмөткө байланыштуу ишара кылуу – бул 7-апрелдеги окуяга байланыштуу бийлик тараптан жакынкы арада эч нерсе өзгөрбөй турганы боюнча коомчулукка белги берүү.

P.S. Жолугушуу алдында Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен бирге Бишкектеги жаңы “Ынтымак” сейил багында липанын көчөттөрүн отургузушту. Ар бир көчөттү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 11 миң сомдон алышкан. Алмазбек Атамбаевдин ордуна липаны Азимбек Бекназаров тиккен.

Elgezit.kg редакциясы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.