Чек арадагы чатакка чекит качан коюлат?

Аналитика, Статьялар 17 Сен 2019 12:20
0 ой-пикир

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын атайын даярдыктагы «Бөрү» отрядынын аскер кызматчысы Равшан Муминов аскердик милдетин аткарууда курман болгон.

Окуя кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон.

Кыргызстандын чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп чыгарып, минометтон аткылаган.

Тажикстандын чек ара күчтөрү окуянын курчушуна кыргыз тарап себепкер болгонун жана окуядан 12 адам тажик жараны жараат алганын билдирүүдө.

Учурдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаралган кырдаалга байланыштуу чек арадагы окуя боюнча эмнелерди айтып бере аласыз?

Дегеле бул чыр-чатактарга чекит коюуу үчүн эмне кылуу керек? деген суроо менен Еlgezit.kg порталы саясатчы Камчыбек Ташиев менен байланышып, анын жообун укту.

-Мен азыр чет жерде болуп калгандыгыма байланыштуу өтө өкүнүп жатам, ушундай оор маалда элдин жанында болсом жакшы болмок, бул маселени чечүүнүн негизги жолу кадр маселесинде, эми өзүңүз билесиз кимдерди алмаштыруу керек жана кандай адамдар иштеш керек экенин.

Кийинчерээк Камчыбек Ташиев өзүнүн Фейсбуктагы жеке баракчасына мында деп жазды:

Урматтуу эл-журтум!
Кечээги Баткен жергесинде болгон чек ара жаңжалы ар бир кыргызстандыктын тынчтыгын бузду, мен болсо алыс чет жакта болуп калдым, жүрөгүмдү тилип кетти.
Баарыбызга сабырдуулук керек, биз мамлекети, президент жана бийлик ээлери бар элбиз. Мамлекетти, элди жерди сактоо, коргоо ошолордун түздөн-түз милдети. Ошондуктан биз аларга ишенүүгө мажбурбуз, а эгерде чече алышпаса, анда башка сөз, иш болот.
Бирок чыккынчыларды, саткындарды, коркокторду жана саясий сойкуларды ал жакка жибербегиле!
Мен өзүм жеке элимдин тынчтыгы, бүтүндүгү жана коопсуздугу учун ар дайым, кандай кырдаал болсо да баарына даярмын!
Чек арабызды коргоп каза болгон жоокерибиздин арты кайрылуу болсун, апасына, жакындарына көңүл айтамын. 
Эл журтума сабырдуулук тилеймин!

Эскертке кетсек, 2019-жылдын 14-мартында Ташиев бийлик мурдагыларга окшоп маселени чече албашын айтып, кыргыз-тажик чек арасында орун алган аймакка барып, элди сабырдуулукка чакырып, маселени тынчтык жолу менен чечкенге үндөгөн.

Жарандык активист Аманбол Бабакулов

Жарандык активист Аманбол Бабакуловдун айтымында, чек арадагы түзүлгөн кырдаал боюнча эки президент жолукканда, баягы эле дежурлар «сен муну сүйлөйсүң, сен муну сүйлөбөйсүң» деген талаптар коюлуп, даярдалган программанын негинде гана жолугушуу болгон. Мына ошондой мамиленин кесепетинен ушундай жагдайга туш болуп жатабыз. Бийликтегилер ошол чек аранын тушунда жашагандар менен жолугуп, көйгөйдү укканда мындай маселе болбойт болчу. Эгерде президент элдин-мүдөө талабын укса, мындай кырдаал жаралмак эмес. Аларды уккан соң, башкача кадамдарга барышат болчу деген пикирдемин, — дейт Аманбол Бабакулов.

Мындай окуя ушул эле жылдын 22-июлунда болгон.

Быйыл чек арада эки жолу жаңжал чыгып, аны жөнгө салуу боюнча Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек ара боюнча соңку сүйлөшүүдө бир пикирге келе алышкан. Бул макулдашуулар ушул эле жылдын жай айында болгон.

Дыйканбаевдин белгилешинче, эки президент мамлекеттик чек ара маселесин чечүүгө даярдыгын билдиришти жана бул жолугушуу алардын саясий эркин көрсөттү.

— Президенттер мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдө башкы элемент болуучу юридикалык негиздерге карата мамилени талкуулашкан.

Тажик тарап желегин биздин аймакка орноткон

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстандын Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге тажик желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.

Тажикстандын Чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын, бир киши каза болгонун билдирген.

Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Бирок, тилекке каршы көп өтпөй эле, мындай жагымсыз жагдай кайрадан кайталангандыгы ал жерде абал тынч эмес экендигинен жана буга чечкиндүү чаралар көрүлүшү керек экендигинен кабар берет.

Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу акыркы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкектеги 10-бөлүмүнө сегиз сааттай сурак берип чыкты. Бөрүбаевдин айтымында, сурактын купуялуулугу жөнүндө тилкатка кол койгондуктан, ал тууралуу маалымат бере албагандыгын айтат.

Ал буга чейин 15-сентябрда да суракка алынганын, анда кыргыз-тажик чек арасынын айланасындагы окуялар боюнча суроолор болгонун айтты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тактоого убада берип, бирок тактай элек.

14-сентябрда Сапарали Бөрүбаев жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклавда калып калуу коркунучунда турганын айткан. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тажик тарап таш төгүп, пост курганы жатканын билдирген.

P.S. Баткенге административдик имараттарды куруу керек экендиги учур талабы. Бул тууралуу Еlgezit.kg порталы мурда да жазган.

Баткендеги абал тынч эмес экендигин жергиликтүү депутаттар да чырылдап айткандарына эч ким көңүл-коош мамиле жасап койгондугу да өкүндүрөт.

Жазгүл Урмамбетова,

Еlgezit.kg басылмасы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.