Чек ара боюнча үн каткан депутатты УКМК 8 саат бою сурады

Окуялар тизмеги 17 Сен 2019 09:50
0 ой-пикир

Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу акыркы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкектеги 10-бөлүмүнө сегиз сааттай сурак берип чыкты. Бөрүбаевдин айтымында, сурактын купуялуулугу жөнүндө тилкатка кол койгондуктан ал тууралуу маалымат бере албайт.

Ал буга чейин 15-сентябрда да суракка алынганын, анда кыргыз-тажик чек арасынын айланасындагы окуялар боюнча суроолор болгонун айтты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тактоого убада берип, бирок тактай элек.

14-сентябрда Сапарали Бөрүбаев жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклавда калып калуу коркунучунда турганын айткан. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тажик тарап таш төгүп, пост курганы жатканын билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.