Латын тамгасына өтүү боюнча пикирлер

Аналитика, Окуялар тизмеги, Статьялар 13 Сен 2019 12:59
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин 11-сентябрындагы жыйынында Билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатканда депутат Алтынбек Сулайманов талапкерге латын арибине өтүүнү колдойбу же жокпу деген суроо салды.

“Муну латын тамгасына өтүү эмес, кайра кайтып келүү деп санаш керек. Бул эне тилдин өнүгүүсүнө жана англис тилин үйрөнүүгө жакшы салым болот”,- деди Сулайманов.

Министр кызматына талапкер Исаков бул демилгени колдой турганын билдирди. Elgezit.kg редакциясы кыргыз тамгасынан латын арибине өтүүгө муктаждык барбы деген суроого мекендештерден жооп алды.

Азамат Акенеев, экономист:

— Бул демилге жерде бул жакшыбы же жокпу деген суроо жок. Маселе латын тамгасына өтүү Кыргызстанга канчалык пайдалуу жана кеткен чыгымдарды канчалык деңгээлде актай турганында. Бул биздин бюджет көтөрө албаган чыгымдарды талап кылат деп айтсам болот – мектеп окуучулары үчүн чыгарылган китептерди эле латын тамгасы менен басып чыгууга канча каражат керектелет, ал эми адабий жана техникалык китептерди айтпай эле коеюн. Бизде азыр деле кыргыз тилинде басылдып чыккан жаңы китептер жок. Мамлекеттик тилде сүйлөгөндөрдүн маалымат алуу булактары чектелген. Биз илимий-техникалык өнүгүү, изилдөөлөр тууралуу китептерди кыргызчага которуп басып чыгара албай жатабыз. Башкача айтканда, азыр кыргыз тилиндеги колдонулуп жаткан китептердин баары өз убагында башка тилдерден которулган. Латын алфавитин киргизе турган болсок, бул китептер дагы жок болот. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда жаңы адабият басылбайт. Буга мамлекетте каражат жок.

Кыргыз тамгасынан латын арибине өтүү азыр өтө деле зарыл эмес. Ага кетчү каражаттарды башка жакка жумшасак болот. Кыргызстанда чечиле эле башка маселе азбы? Ошол эле билим берүү тармагын карай турган болсок, жаңы мектептерди куруу, ал жактарга тажрыйбалуу мугалимдерди тартуу ж.б. маселелер көп. Мунун баарына көз жумуп латын тамгасына өтөлүбү? Жалпысынан бул демилгеге каршы эмесмин. Болгону бул өлкө үчүн башкы орунда деп ойлобойм.

Анатолий Лелевкин, программист:

— Азыр кимдир бирөө кыргыз тилине юридикалык же техникалык документти которуп көрдүбү? Эки котормочу эки түрдүү которот, керек болсо биринин котормосун бири түшүнбөй калат. Аны кабыл алган тарап дагы туура эмес болуп калыптыр, кайрадан которгула дейт. Эми буга латын тамгасын кошкону жатасыңарбы? Бул эмне тилди жоготуп, улуттук тилде билим берүү менен документ жүргүзүүнү жок кылуу үчүн жасалганы жатабы?

Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин депутаты:

— Мен латын тамгасына өтүүнү колдойм. Бирок буга каражат керек. Бул иш менен Кыргызстан бир катар социалдык-экономикалык маселелерин чечип алгандан кийин алек болсок болот деп ойлойм.

Азамат Тынаев, медиаэксперт:

— Мага М.Горький атындагы Адабият институтунда кыргыз тили боюнча сабак берген белгилүү советтик жана Россиялык лингвист, түрк тилдери боюнча адис, Россиянын Илимдер академиясынын Тил институтунун профессору, Казакстандын илимдер академиясынын академиги Кенесбай Мусаевдин пикиринде, латын алфавити баарынан кыргыз тилине ылайык келет. Анын үстүнө латын тамгасын колдонуу боюнча тарыхый тажрыйбабыз бар. Ошондуктан бул арипке өтүү туура деп эсептейм. Бирок дароо азыр эмес. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча башка чаралар – бала бакчадан баштап жогорку окуу жайларга чейин билим берүү үчүн сапаттуу программалар даярдалган соң реформа жасасак ийгиликтүү болот. Мындай даярдыктагы этаптан өтпөсөк, кириллицадан баш тартуу тил көйгөйүнөн саясатка айланып кетип жатат. Анан албетте мунун баары сөз түрүндө кала бербеши үчүн так жазылган план жана реформа кылуу мөөнөтү аныкталышы керек.

Саламат Уметова, филолог, КРнын билим берүү отличниги:

— Чын чынына келгенде латын тамгасы кыргыз тили үчүн ыңгайлуу. Белгилүү болгондой, мурда кыргыздар аны колдонуп келишкен. Азыркы муун үчүн кириллица ынгайлуу болуп турат, ал эми келечектеги муунга латын тамгасы пайдалуу болмок. Ошол эле учурда бул көп каражатты талап кыларын түшүнүү керек, ошондуктан мамлекет керектүү каражаттарды табуусу зарыл. Азыр өлкөдө биринчи кезекте чечүүнү талап кылган башка көйгөйлөр көп. Кыргыз тилин өнүктүрүү тармагында чечилбеген маселелер көп. Каражаттарды ошол жакка жумшаш керек. Келечекте бул маселеге сөзсүз кайтып келүү зарыл. Латын тамгасы бизге англис тилинде сүйлөгөн эл аралык коомчулукка кошулууга мүмкүнчүлүк берет.

Медербек Корганбаев, саясатчы:

— Биздин жарандардын кээ бири каршы болсо, айрымдары колдоп жатканын окудум. Ооба, латын алфавити дүйнө жүзү боюнча алдыда. Коңшу Өзбекстан аны мурдатан колдонот, Казакстан өтүүгө камынып жатат. Менин пикиримде, Кыргызстан коңшулардын ар түрдүү демилгесин көчүрүү менен алек болбошу керек. Кыргызстан, биз алгач латын тамгасына өтпөй, мамлекетти АДИЛЕТТҮҮ, ЧЫНЧЫЛ башкарууга өтүүбүз зарыл. Азыр кыргызстандыктарды латын тамгасы эмес, кыргыз өлкөсүнүн тагдыры ойлондурат.

Биз латын арибине эмес, заманбап экономикалык стандарттарга өтүүбүз керек, экономика менен алек болуубуз зарыл. Азыр эмне маанилүү? Экономика, тышкы саясат, инвестициялар, коопсуздук. Казактар менен өзбектер бул жаатта бизден 10-15 жыл алдыда. Биз болсо азыркыга чейин бир орундан жылбай, карызга малынып турабыз. Өнүгүү стратегиябыз жок, бир нерсени өзгөртүү үчүн умтулуу жок. Латын тамгасына эмес, сапаттуу билим берүүгө өтүүбүз зарыл. Балдарыбыз контейнерлерде, чатырларда билим алып жатышат. Китептерде канча деген каталар бар. Биз болсо латын тамгасына өтөбүз дейбиз. Эмнеге? Дүйнөгө мезгилден артта калбай бара жатканыбызды көрсөтүү үчүнбү? Кадрларды туура тандоого өтсөк кантет? Келгиле, кимдир бирөөнүн тууганын эмес, иштей турган жетекчилерди дайындоого өтөлү. Бул алда канча пайдалуу болмок. Клан жана аймактык бөлүнүүдөн чыгышыбыз керек. Мына ушул реалдуу тема жана өнүгүү үчүн реалдуу кадам. Күмөндүү элитасы бар коррупцияга баткан өлкө тамганы алмаштыруу өнүгүп кете албайт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.