Окуялар тизмеги Дата:
0 билдирүү

Жалал-Абад: Жүз орундуу бейтапкананын курулушу башталды

Жалал-Абад облустук клиникалык борбору үчүн 100 орундуу эки кабаттан турган имараттын курулушу башталды. Бейтапкананын башкы дарыгери Кумар Ботокараев билдиргендей, курулушка республикалык бюджеттен 77 млн сом каралган.

— Оорукананын бул имараты кийинки жылдын аягында ишке берилсе, кулак-мурун оорулары, урология жана бет-жаак хирургиясы, көз оорулары бөлүмдөрү ошол жакта жайгашат. Германия өнүктүрүү банкынын эсебинен 3 млн. еврого курулуп жаткан ыкчам медициналык жардам көрсөтүү борбору да жакындан тартып иштей баштайт, — деди Ботокараев.

Курулушту баштап берүү аземине саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана оорукана жамааты катышты.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы 1932-жылы салынган. Андагы айрым имараттар 1970-1990-жылдары курулган. 1200дөн ашык медицина кызматкери эмгектенген бейтапкана жыл сайын 30 миңге чукул оорулууларды тейлейт.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.