Мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар сулуулук салонун ачышты

Окуялар тизмеги 12 Сен 2019 15:34
0 ой-пикир

«Теңдик» («Равенство») коомдук уюмунун атайын курстарын аяктаган мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар Бишкек шаарында аялдарга сулуулук салонунун кызматтарын көрсөтүүчү борбор ачышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган уюмдан кабарлашты.

Кыздар классикалык маникюр, тырмакты кооздоо жана лак коюу, кашты көркөмдөө, хрусталь татусу, кирпикти өстүрүү, кечки жана күндүзгү макияж жасоо өңдүү тейлөөгө адистешкен.

Атайын бөлмө «Бир дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймылынын «Альтернатива» борборунда, Сыдыков көчөсүнүн 258 номурдагы дарегинде жайгашты. Чеберлердин байланыш телефондору 0707 967 308, 0702 171 109.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.