Окуялар тизмеги Дата:
0 билдирүү

Митингге чыккандардын талаптары аткарылбаса, өздөрүн өрттөшөт

Кызыл-Кыштак айыл округунун башчысы Шарабидин Капаровго нааразылык билдирген ушул аймактын жашоочулары Орозкан Токторалиева жана Гүлнара Мырзакеримова Бишкекте Жогорку Кеңеш менен президенттик администрациянын алдына митингге чыгышты.

Алардын мындай кадамга баруусунун себеби жергиликтүү бийлик органынын жетекчиси алардан акча сурап жер тилкесин бербей жатканыболууда.

Айымдар президенттен Капаровго чара көрүүнү жана жер бөлдүртүп берүүнү талап кылып жатышат.  Эгер алардын талаптары орундалбаса өздөрүн өрттөй турганын эскертишти.

Эске салсак, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын бул тургундары быйыл апрелде жогорудагыдай талаптары менен Бишкек шаарына жөө келишкен. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын маселеси чечилерин айткандан кийин жүрүшүн орто жолдон токтотушкан эле.

Айыл өкмөт башчы Шарабидин Капаров болсо ишмердүүлугүн сындаган тургундарды «жалган жалаа жапты» деген жүйө менен сотко берген. Ал соттон «кадыр-баркыма доо кетти» деп, өзүн сындаган эки аялдын ар биринен бир миллион сомдон өндүрүп берүүнү суранган.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.