Окуялар тизмеги Дата:
0 билдирүү

Икрамжан Ильмияновдун иши: соттук отурум 18-сентябрга жылдырылды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку биринчи орун басары  Икрамжан Илмияновдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Отурумдун жүрүшүндө иштерди бөлүп кароо тууралуу суранычтар айтылган. Жактоочулар Салык кызматынын мурунку кызматкери Рустам Шакиров саламаттыгы тууралуу тиешелүү негиздеме алып келсе, ишти бөлүп кароону суранышкан. Алардын айтуусу боюнча, Шакиров рак илдетине чалдыккан.

Жыйынтыгында отурум 18-сентябрга чейин жылдырылды. Белгилей өтсөк, буга чейин соттук отурум бир нече ирет жылдырылган. Жылдыруунун себеби катары, негизги жабырлануучу Беларусь мамлекетинин атуулу Грамович Николай Викторовичтин сотко келбей жаткандыгы айтылат.

Эскерте кетсек, УКМКнын башкы тергөө башкармалыгы жүргүзгөн, президенттин мурдагы кеңешчиси И. Илмиянов 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иши аяктаган.

Тергөөнүн жыйынтыгында И.С.Илмиянов Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча шектүү экендиги билдирилген. Ошондой Бишкек шаардык Салык кызматынын мурдагы инспектору Р. Шакировго Кылмыш кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча шектелип жаткандыгы билдирилген.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.