Аналитика, Статьялар Дата:
0 билдирүү

Генерал Курсан Асанов эмнеге мындай жолду тандады?

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асанов үч кылмыш иши боюнча сурак берип жатат. Бул маалыматты жактоочу Таалайгүл Токтакунова ырастап, үч иш тең Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде козголгон. Анын экөө боюнча Курсан Асанов күбө катары суралууда. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

— Мыйзам боюнча ушул берененин негизинде иш козголгону менен кайсы факты экени көрсөтүлүшү керек. Бирок конкреттүү факты көрсөтүлгөн эмес. Ар кандай суроолорду берип жатышат, ошондуктан кайсы факты экенин билбейбиз, — деди адвокат.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечимдин негизинде Курсан Асановду кызматтан алган.

Асановго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган.

27-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, ал 13-октябрга чейин үй камагына алынган.

Ошол эле 27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган. Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына берген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат.

Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев: 

-Мурдагы президент Атамбаевди кармоо учурундагы генерал Курсан Асановго байланышкан окуяны байкаштыруу менен бир катар жагдайларды тактай алдым. ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев 9 жылдан бери тыкыр иштешип келаткан генерал атайын операцияда өзүн башка жагынан көрсөтүп койгонуна өкүнгөнүн айтты. ИИМдин көптөгөн офицерлери мындай акылсыз жорукка таң калышты. Мен дагы Курсан Сатаровичти профессионал, өз ишинин адиси катары билем. Анын үстүнө 2017-жылы мен бир нече маектеримде ага президенттикке талапкер болуусун сунуштагам. Бирок Кой-Таш окуясындагы генералдын аракеттерин видеодон көргөндөрдүн баарында бир катар суроолор жаралганы бышык.

Биринчи. Эмнеге ал экс-президент менен сүйлөшүү процессине буйруксуз аралашты, аны менен катар ага дайындалган аймакты башкаруусуз калтырды?

Экинчи. Эмнеге ал жерде ыкчам-тергөө тобунун сертификатталган камерасы бардыгына карабай сүйлөшүүнүн жүрүшүн өзүнүн (кызматтык эмес) телефонуна тартууну чечти?

Үчүнчү. Эмнеге ички тартиптин ММКларга маалымат берүү жеке басма сөз кызматы гана аркылуу болушу керек деген эрежесине карабай видеону соцтармактарга өзү билип жарыялады? Жана төртүнчү суроо. Эмнеге Асанов ыкчам-тергөө тобуна бериле турчу баштыкты (негизи -буюм далил) айдоочусуна карматты, ал болсо кызматтык автоунаасына салып алып кетти? Бул суроолордун баары табигый шек жаратат. Мен ансыз да стресс чакырган кыйын кырдаалда генерал мурунку шефи Алмазбек Шаршенович менен бет келишкенде эмоцияга алдырып жиберди деп ойлойм. Кыязы Атамбаев ага мындай деди болушу керек: “Жардам бер, сураныч, баштыктын ичиндегилерди жакындарыма жеткирип бер”. Курсан Асанов гумандуу адам болгондуктан анын өтүнүчүн аткаруудан баш тартпады. Макул, айтканыңызды аткарайын, а сиз өз эркиңиз менен колго түшүп бериңиз. Чынын айтканда мен дагы министр сыяктуу эле окуянын мындай өнүгүшүнө өкүнүп жатам. Эгер Курсан Сатарович баштыкты Атамбаевди алып бараткан автоунаада отурган кызматкерлерине карматса суроолор да аз болмок. Албетте, генералдын сүйлөшүүгө буйруксуз кирип кеткени көз жаздымда калмак эмес, териштирүү болмок, дисциплинардык сөгүш берилмек, бирок иш ушуну менен токтойт болчу. Акыр аягында жеңүүчү соттолбойт эмеспи. Менин көз карашымда, Курсан Асанов генерал катары өзүнүн эреже бузууларын моюнуна алышы керек. Азырынча кеч эмес. Менин кесиптешим Марс Сариев министрдин орун басарынын аракетине түшүнгөн жок. Мындай кылыкты 2010-жылдагы республиканын түштүгүндөгү трагедиялуу окуяда өлкө абалынын турукташуусуна эбегейсиз салым кошкон генералдан көрүү кыйын болду. Ал укук коргоо кызматтарында чоң тажрыйбага ээ офицер субординацияны бузууга жана өзүм билемдикке кайсы бир жагдай муктаж кылгандан улам барды деп эсептейт. Кыязы ошол учурда эмоция кызматтык милдет сезимин басып кетти окшойт. Кандай жагдай жаралган болсо да анын бул жолку абалы – орусча айтканда “Акела промахнулся”

Ниймат Арапов, Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы:

«Курсан Асанов өз “кылыгы” менен милициянын абийирине өтө жаман көө сүрттү”

Үстүбүздөгү жылдын 7-8 август күндөрү өлкөбүздө болуп көрбөгөндөй чоң окуя болду. Бул бир гана Кыргызстан эмес Борбор Азия мамлекеттеринин арасындагы олуттуу маселе десек жаӊылышпайбыз. Анткени, өлкөнүн мурдагы президенти камакка алынды. Албетте, саясый жагынан алганда ага ар ким ар кандай баа берип жатат.

Мен милицияда отуз бир жыл иштеп, акыркы алты жылдан бери Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлер кеӊешинин төрагасы болуп келе жаткандыктан улам аталган окуя боюнча өз пикиримди билдирип коюуну туура таптым. 2019-жылдын 7-8-август күндөрү болгон окуя биздин кыргыз мамлекети үчүн ары осол, ары кайгылуу окуя болду. Себеби биздин мурдагы президентибиздин кылган кылыктары — бул эч эрежеге жатпаган, акылга сыйбаган абалга алып келди. Өзүнүн үйүнө коӊшу-колоң, аялдарды, жаш балдарды, айрым бир чала бандиттерди жыйнап, аларга үйүнүн алдын корутуп, таштарды төгүп, мамлекеттин мыйзамдарына каршы чыгышы чоң уят иш болду. Ал эми ошол мезгилдеги милициянын, анын жетекчилигинде турган министрдин Атамбаевди кармоо операциясы абдан туура, профессионалдык деӊгээлде болду деп толук кандуу айта алам. Милициянын ишине жалпы баа бере турган болсом милиция ошол жерде өзүнүн кыраакылыгын, уюшкандуулугун, чеберлигин көрсөтүпоперацияны акырына чыгарды. Андыктан мен жалпы милицияга, жетекчиликке тереӊ ыраазычылыкты билдирип кетким келет. Бул жерде милиция өзүнүн милдеттерин так жана абийирдүүлүк менен аткара алды.

Арийне, ошол эле окуянын тегерегинде коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып жатат. Мен башта айткандай аларга саясый жааттан баа бере албайм. Болгону ошол маалдагы министрдин орун басары болуп турган Курсан Асановго карата коюлуп жаткан айыптоолорго өз пикиримди кошпой койо албайм. Анткени, мен бүтүндөй өмүрүмдү десем да болот, милицияга арнап, анын ачуу-таттуусун татканмын. Мындай кырдаалдарда мен ар качан милиция үчүн калыс пикиримди билдирем, коргойм жана ага таянам. Ошондуктан Курсан Асанов өз “кылыгы” менен Милициянын абийирине өтө жаман көө сүрттү деп так кесе айтам. Уят эле иш кылды.

Ооба, мен Курсан Асановду 25 жылдан бери билем. Ошондуктан мен бул жигитти ак жигит, таза генерал болду, министрдин мыкты орун басары деп ишенип жүрсөм кылган иши мени абдан ирээнжитти. Бир сөз менен айтканда Генерал деген наамга татыктуу эмес деп эсептейм. Милиция органы бул — аскерлештирилген орган болуп эсептелинет. Анан ошол жерде буйрукту аткарбай, буйрукка баш ийбестен, өзүм билемдикке барып, мыйзамга каршы иштеп, өзүнө тапшырылып берилген постту таштаганы акылга сыйбаган көрүнүш. Ырас, андан бери убакыт өттү, Асановго айыптоолор коюлууда, буларды тергөө аныктайт. Ошентсе да Атамбаевдин айрым далил буюмдары алынып кетип Курсан Асановдун баласы аркылуу, жан сакчысы аркылуу жок кылынууга аракет кылынганы, ошол окуялар учурунда айрым жашыруун маалыматтар экинчи тарапка Асанов аркылуу жеткирилип турганы коомчулукта ачыкталууда. Булар толук далилденсе, анда Асановдун офицермин, генералмын дешке акысы жок. Мыйзам алдында татыктуу жазасын алышы керек.

Ашыркул Асанов, ИИМдин Чүй обулустук ардагерлер кеңешинин төрагасы:

Курсан Асановдун Кой-Таштагы иш аракети жана тергөөгө тоскоолдук кылганы туура эмес иш

Милицияны деги эле мамлекетибиздин күч тармактарын сыноодон өткөргөн ушул Кой- Таш окуяларында биздин азаматтар өздөрүн татыктуу алып жүрүп, мыйзам чегинде аракет кыла алды деп ойлойбуз. Элдин арасында жүрүп, Атамбаевди колдоочуларга түшүндүрүү иштерин туура жүргүзүп, туура аракет кылуунун натыйжасында бекер кан төгүүлөргө жол берлбей, экс президенти кармоо ИИМдин министри пландагандай так жана тез ишке ашкан. Ал эми министрдин мурдагы орун басары Асанов Курсан Сатарович жөнүндө да Чүй облусунун ардагерлеринин пикирин айта кетпесем болбос. Биздин ардагерлер кеўешибиз Кой-Таш окуяларын талдап чыгып, ага баа бергенде көптөгөн ардагерлер Курсан Асановдун Кой-Таштагы иш аракетинде тергєєгө тоскоолдук кылганы туура эмес иш. Биз мыйзам сакчылары болгондон кийин, мыйзамдан четтөө жана тапшырылган иш ордун таштап кетүү биз үчүн жол бергис нерсе экенин эстен чыгарбашыбыз керек. ИИМдин министри Кашкар ДЖунушалиев милициянын кадырын көтөрүш үчүн сөздөн ишке чечкиндүү түрдө өткөнүн иш жүзүндө, өзүнүн жасаган иш аракети менен далилдеп жатат.

Эл ичинде айтылып жүргөн: “Милиция милицияны кармабайт, милиция милицияны коргойт” деген эски пикирдин таш талканын чыгарып, министрдин орун басарынын суралып жатканы, азыр элде “Милицияны да мыйзамды бузса милиция кармайт турбайбы!”- деген ойлор жарала баштады. Курсан Асановдун кылмыштуу аракеттерине мыйзам чегинде баа берилиш керек. Пакеттеги маанилүү деген документтер же баалуу буюмдар тергөөгө берилиш керек болчу. Ал пакетти машинасына салып алып кетиши, акылга сыйбаган көрүнүш. Генералдык чон даражаны да абийир менен сакташ керек эле…

Бүгүнкү күндө биздин ардагерлердин бүткүл көңүлү дарыланып жаткан полковник Курманкуловдо. Самат уулубузга өмүр тилеп, кайрадан биздин катарыбызга кошулушун Кудайдан жалынып сурап, чоң үмүт менен жашап жатабыз.

Бирок, Курсан Асановду да колдогондор жок эмес. Колдоочулары социалдык түйүндөрдө «За Асанова» деген аталыштагы группаларды ачып алып, аны ар тараптан колдоп жатышат. Айрымдары Курсан Асановдун орду бирөөгө керек болгонун билдиришсе, кээ бирлери муну ич күйдүүлүк деп баалашууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.