Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан бошотту

Окуялар тизмеги 11 Сен 2019 12:32
0 ой-пикир

АКШ президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан бошотконун «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Кечээ кечинде мен Жон Болтонго Ак үйдө анын кызматы мындан ары бүткөнүн айткам. Мен администрациядагы башка адамдар сыяктуу эле анын көпчүлүк кеп-кеңешине макул болгон жокмун, ошондуктан анын кызматтан кетишин өтүндүм. Ал мага арызын бүгүн эртең менен берди», деп жазды Трамп.

Жон Болтон АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин кызматына 2018-жылы 9-апрелде дайындалган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.