Билим берүү министри «косинусту» билбейт

Окуялар тизмеги 11 Сен 2019 10:33
0 ой-пикир

Депутат Дастан Бекешов билим берүү министрине өзүнүн кандидатурасын көрсөтүп жаткан Каныбек Исаковго косинус 60 градуста эмнеге барабар деген суроо узаткан. Эл өкүлүнүн суроосуна Исаков жооп бере албай, ал тригонометриялык функцияларды мектепте өткөнүн жана ал кесиби боюнча кыргыз тилинин филологу экенин билдирген.

Бирок, бул жоопко канааттанбаган Бекешов, — бул мектептин программасы, бизге мындай билимдин кереги барбы, буга эч ким жооп бере албагандыгы өкүнүчтүү деп кейиди. Депутат ошондой эле ага бул суроону социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары бергендигин кошумчалады.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.