Окуялар тизмеги Дата:
0 билдирүү

Билим берүү министрине талапкер Каныбек Исаков латын алфавитине өтүүнү колдой турганын билдирди

Жогорку Кеӊеш билим берүү жана илим министри кызмат ордуна дайындоо үчүн сунуш кылынган Исаков Каныбек Абдуваситовичтин талапкерлигин талкуулап жатат.

Талкуу жүрүшүндө депутат Алтынбек Сулайманов кезинде Касым Тыныстанов баштаган мамлекеттик ишмерлер менен окумуштуулар 30-жылдары эле латын алфавитине өтүү демилгесин көтөрүп, латын тамгаларын кыргыз тилинин өзгөчөлүгүнө ылайык иштеп чыкканын, бирок алардын көбү репрессияга тартылып кеткенин эске салды.

«Азыр түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан эле калыптыр. Сиздин латын алфавитине өтүү боюнча пикириӊиз кандай?», — деди ал.

Каныбек Исаков латын алфавитине өтүү кыргыз тилинин өнүгүшүнө түрткү бере турганын айтып, эгер андай мүмкүнчүлүк болсо, аны колдой турганын билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.