Аналитика, Интервью, Статьялар Дата:
0 билдирүү

Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн кыргыз саясатчысы

Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg аналитикалык сайтына берген эксклюзивдүү маеги

— Алгач сизди эркиндикке чыгышыңыз менен куттуктоого уруксат этиңиз. Эркиндигиңиз бир аз чектелүү болгону менен үй камагы түрмө эмес дегендей. Өлкөдөгү миңдеген тарапташтарыңыз сыяктуу эле биз да абдан кубанычтабыз.

— Рахмат, чоң рахмат!

— Эки жарым жыл камакта жаттыңыз. Бул канча күн канча жума экенин айта аласызбы?

— 1272 күн. Мен камалгандан тарта Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы акыркы сот отуруму, башкача айтканда, мен эркиндикке чыккан күнгө чейин ушунча күн өтүптүр.

— Негизи сезимдер тууралуу суроолор ток-шоу учурунда берилет го. Мисалы, уулу төрөлгөндөн бери көрбөгөн биологиялык энесин тапкан учурда же каармандардын жашоосун өзгөрткөн генетикалык экспертизанын жыйынтыгын көрүү алдында сезимдер тууралуу суроо берилет эмеспи. Бирок чын-чынына келгенде камакта жатып, боштондукка чыгуу алдында адамда кандай сезим болорун билүү алда канча кызыктуу сезилди. Көптөн күткөн эркиндикке жеткениңизде кандай сезимдер болду?

—Эркиндикке чыккандан бери сезимдеримди анализдеп жатам. Ар кандай, аралаш сезимдер, биринен-бирин ажыратуу кыйын. Бирок сот залында албетте кубануу болду. Ал дагы көп кырдуу болду десем болот. Туугандарым жана жакындарым менен болгон жолугушуу алдындагы кубаныч. Алар сот имаратынын жанында, эшикте күтүп турушканын билгем. Албетте, ыраазычылык сезими да болду. Ал адамдар эки жыл бою менин эркиндигим үчүн күрөшкөн, менин тарапташтарым мени бошотуп алышты. Дал ошол адамдар соттун чечимин аныкташты. Ошондуктан ыраазычылык сезимдери күч, ал сезим дагы деле мени таштап кете элек. Ошондой эле жоопкерчилик сезими болду. Себеби, адамдар адилеттүүлүк түшүнүгүн мени менен байланыштырышып, мени колдошту, өлкөнүн өнүгүүсү боюнча менин көз караштарымды тең бөлүштү жана менин колумдан бир нерсе келет, жакшы иштерди жасайт деп ишенип күтүп жатышат. Ыраазычылык менен жоопкерчилик сезимдери бириксе оңой эмес экен. Анын үстүнө тарапташтарым менден күткөн нерселер да ар түрдүү. Адамдардын үмүтүн актоо саясатчы үчүн өтө оор маселе.

— Сиз Атамбаев режиминин туткуну болгонуңуздан, Сизди куугунтуктоо – бул буйрутма жана саясий репрессиянын мисалы экенинен эч ким күмөн санабайт. Ошол эле маалда Сиздин иштин кайра каралып, эркиндикке чыкканыңыз Ак үй менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы экенинен да эч ким күмөн санаган жок. Башкача айтканда, коомчулук соттор бийликтен көз карандысыз болуп калганына, жогору жактын тапшырмасы жок өз алдынча адилеттүү чечим чыгарышканына ишенген жок. Сиздин боштондукка чыгууңузда президент Сооронбай Жээнбековдун ролу кандай жана Сиздин эркиндигиңиздин баасы канча болду?

— Коомчулуктун пикири жана өлкөдөгү саясий абал соттун чечимин аныктап койду. Коомчулук акыркы окуялардан соң адилеттүүлүктү талап кылышты. Эл саясий куугунтукка учуругандардын укуктарын коргоо боюнча кеичктирилгис чараларды талап кылды. Сот башкача чечим чыгара алмак эмес. Болбосо катуу обструкцияга кабылмак.

Учурда Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы тирешүүнүн себептерин издеп кереги жок. Буга байланыштуу Кытай Эл Республикасынынын лидерлеринин бири Дэн Сяо-пиндин жаңылбасам 1987-жылы партия съездинде айтканын эске салгым келди: “Мышыктын өңү кандай экени маанилүү эмес, ал чычкандарды кармаса болду”. Башкача айтканда, жыйынтык маанилүү. Ошондой эле азыркы жана мурдагы президенттин ортосундагы чыр коомчулукка пайдалуу болду. Биздин саясий система саясий атаандаштыктан турат. Саясий атаандаштык өз кезегинде ар түрдүү саясий күчтөр коомчулуктун пикиринен көз каранды болуп, элдин каалоосу менен эсептешиши керек болот.

Бул окуяда президент Жээнбеков саясий прецедент түздү. Кыргызстанда алмашпас жана табылбас адамдар жок. Кол тийбестер да жок. Эгерде, президент, экс-президент мыйзамды бузса, ал мыйзам жана эл алдында жооп берет.

— Бирок биз буга чейин деле мурдагы президенттерге деле жумшак мамиле кылган эмеспиз да.

— Албетте жок, бирок бул жерде абал башкача. Алмазбек Атамбаев өлкөдөн кетүүдөн баш тартты. Ал өзүн күнөөсүз деп эсептейт жана аны далилдейм деп ойлоп жатат. Бийлик болсо ал мыйзамга жана Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы оор кылмыш жасаганына, күч түзүмдөрүндө жетиштүү фактылар бар экенине жана аны далилдеп берерине ишенип турат. Мындай процесс мурун болуп көргөн эмес. Бул тарыхый жактан маанилүү процесс.

Мен дайыма айтып келгем, анын ичинде Elgezit.kg аркылуу дагы бийлик Атамбаевди жоопко тартууда катуу чара көрүү менен гана чектелбей жоопкерчиликти да сезе билиш керектигин билдиргем. Күнөөсү толук далилдениши керек. Сот отуруму ачык болуп, эч ким сот чечиминин мыйзамдуулугунан жана адилеттүүлүгүнөн күмөн санабашы керек. Бул абдан маанилүү.

Сооронбай Жээнбековдун тарыхый вазийпаларынын бири – буга чейинки президенттердин катасын оңдоо. Ошондуктан Сооронбай Жээнбеков менин ишимдин кайра каралуусуна түз тиешеси жок болсо дагы, кыйыр мааниде чечүүчү таасир берди. Бул үчүн албетте ага ыраазымын.

— Азыркы бийликке канчалык деңгээлде лоялдуу болосуз?

— Мен эч себепсиз эле илээшип, популизм менен алек болуумду каалап жатасңнарбы? Эгерде себеп болуп, өкмөт, парламент, президент туура эмес кадам кылышса аны ачык эле айтам. Андан күмөн санабай койсоңор деле болот. Мен өзүмдү, тарапташтарымды сатып кете албайм. Бирок жөн эле сындап, саясий упай топтоо менен алек болбойм.

— Сиз апаңыз жана жердештериңиз менен жолугушуу үчүн түштүккө барып келдиңиз. Акман айылынын тургундары менен жолугушканда өзүңүздү орус жомогундагы “өлбөс Кощей” менен салыштырдыңыз. Эмнеге? Себеби ал– байлыктарды топтогон, сулууларды уурдаган каарман эмеспи.

— Мен Кощей менен салыштырууда анын өлбөстүгүн, көпкө жашоо сырын белгилегим келген. Эсиңиздерде болсо, ал өлүмүн ийненин учуна, ийнени жумурткага, жумуртканы өрдөккө, өрдөктү коенго ж.б. каткан болчу. Башкача айтканда, анын сырын табуу оор болгон.

Мен чыкканда көптөгөн журналисттер саясатта көптөн бери жүргөнүмдүн сырын сурашкан.

Оппонентиңди жок кылуу үчүн анын саясий беделин бузсаң болду. Мени Акаевдин, Бакиевдин жана Атамбаевдин башкаруусу учурунда саясатчы катары аброюмду түшүргүлөрү келген.

Атамбаев мени жакшы билет. Ал мени камаганды каалаган эмес, себеби мунун арты жакшы болбошун билген. Ал бул тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып да айткан. Ал мени камаганга каршы болгонун билдирген. Ал Абдиль Сегизбаевге (УКМКнын мурдагы төрагасы — Elgezit.kg) жана Индира Жолдубаевага (мурдагы Башкы прокурор — Elgezit.kg) Текебаевди камашса, ал баатыр болуп чыгат деген. Ошондуктан атайын кызматтар биздин адамдар аркылуу 2016-жылдын февраль айында мен Венадан Бишкекке келерде мага чыгышып, мени камашарын айтышкан. Мага Венада калып калыңыз дагы абал кандай болорун ошол жактан байкап туруңуз деп сунуш кылышкан.

Мен чет жакта калганым Атамбаевге пайдалуу болмок. Бул автоматтык түрдө мен күнөөмдү моюнга алды дегенди жана коркок экенимди билдирмек. Бул вариант ишке ашпай, мен кайтып келгенимде алар Б планына өтүштү. Жактоочулар аркылуу күнөөмдү моюнга алсам эркиндигимден ажыратылбай эле жаза аларымды билдиришкен. Айыппул менен кутуласың дешкен. Бирок мен буга макул болгон жокмун.

Себеби менин саясатта көптөн бери жүргөнүмдүн сыры “өлбөс Кощейдикинен” дагы абдан жакшы катылган. Ал менин тарапташтарымда, элдин мен тууралуу пикиринде жана алардын мамилелеринде сакталган. Эгерде шайлоочуларым мени эсинен чыгарбай, мени түшүнүп, мага ишенип турушса, демек мен аларга керекмин, демек алар мени колдоп турушат, демек мен бармын. Ишеним жана колдоо жок болсо, анда мен саясатчы катары жок болом.

Анан албетте, эгер мен күнөөлүүмүн деп, түрмөгө отурбаш үчүн кылбаган нерсени моюнга алсам, бул саясий аброюма шек келтирмек. Атамбаев муну түшүнүп беделимди түшүргөнгө аракет кылды.

Менин саясатта узак жүргөнүмдүн сыры – элимде.

— Саясатта узак жүргөнүңуздүн сыры албетте элде, анан Сиздин өзүңүздө дагы. Сиздин мүнөзүңүздө. Себеби Сиз темир тор артында калбаш үчүн Атамбаевдин жана анын командасынын чийип берген жолу менен кеткен жоксуз да. Баса, күнөөнү моюнга алуу боюнча суроо берейин. Раиса Атамбаева менен байланышкан окуя тууралуу айтып берсеңиз.

— Оппозицияда жүргөн учурдан тарта эле Атамбаев жана анын үй-бүлөсү менен жакшы тааныш болчубуз. Үй-бүлөлүк катышта болгон эмеспиз, бирок жубайларыбыз тааныш. Мен алардыкына көп барчумун жана Раиса Минахмедовна дайыма жакшы кабыл алып, коноктоп турчу. Менин жубайым аны менен сүйлөшүп, абалды түшүндүрүүнү чечиптир. Ал менин макулдугумду көпкө сурады, акыры макул болдум дагы, кандай болгон күндө дагы ага жалдырап, андан бир нерсе сурабашы керектигин айттым. Раиса Атамбаеванын реакциясы мага кызык болду. Айгүл ага телефон чалыптыр. Ал дайымкысындай эле жакшы кабыл алып, балдарды, ден-соолугун сурап, ал саясатка аралашпай турганын, бул эркектердин иши экенин билдириптир. Ал мен үчүн тынчысызданып жатканын айтып: “Ал [Өмүрбек Текебаев} күнөөнү моюнга ал деген биздин талапка макул болбой жатпайбы. Ошондо маселе чечилмек” дептир. Башкача айтканда, ал Атамбаевдин иши тууралуу кабардар болгон. Ал мага сунуш жактоочулар аркылуу айтылганын айтыптыр, демек, ал менин беделимди түшүрүү планы болгонун билген. Биз азыр Раиса Атамбаеванын абалын түшүнүп турабыз. Ага күч-кубат жана чыдамкайлык, тагдырдын соккуларын татыктуу көтөрүүнү каалайбыз.

— Жакынкы күндөргө койгон пландарыңыз тууралуу салттуу суроо узатайын. Албетте, ал пландар азырынча саясатка байланыштуу болбосо керек.

— Учурда менин башкы максатым – соттун актоо чечимине жетишүү. Башкача айтканда, юридикалык жана саясий жактан калыпка келишим керек. Жакынкы айларда жактоочуларым менен ушунун үстүнөн иштейм, себеби бул процесс канчага созуларын билбейм. Экинчиден: үй-бүлөлүк бактымдан ырахат алам. Үчүнчүдөн: ден-соолугумду чыңдап, айрым үй жумуштарына көңүл бөлөм. Ошондуктан жакынкы күндөрү канчалык кааласам дагы саясий жактан активдүү боло албайм. Анын үстүнө эркиндигим бир топ эле чектелүү да.

Юридикалык жана саясий жактан калыбыма келген соң өлкөнүн саясий жашоосуна кайтам. Реалдуу саясий күчтөр жана реалдуу бийлик менен иштешүүгө даярмын. Кызматташтык демек, иш-аракеттериңди макулдашып жасоо. Бул оор процесс. Эгерде маанилүү маселелер боюнча компромисске келе албасак, бул тууралу шайлоочуларга айтам. Өкмөттүн, парламенттин, президенттин катачылыктарын айтып турам. Буга ишене берсеңиз болот.

Мени тынчсыздандырганы менин тарапташтарымдын үмүтү. Көпчүлүк мен келип баарын ордуна коюп, көп көйгөйлөр чечилет деп турушат. Менин тарапташтарым ар кандай топтон, демек, баарынын күткөнү, үмүтү окшош эмес. Аларды нааразы кылып албашым үчүн мен туура чечим табышым керек.

Сөзүмдүн акырында Elgezit.kg аркылуу мени жана үй-бүлөмдү колдогондордун баарына ыраазычылык билдиргим келди. Баарын санап бүтө албайсың – алардын арасында саясатчылар, журналисттер, карапайым калк, баары бар. Кантип ыраазычылыгымды жеткирем билбейм, бирок жалпы колдоочуларыма “рахмат” деп айтым келет.

— Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат. Бул акыркы маегибиз эмес деп ойлойм.

— Ишенем.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.