«9-сентябрь — Кыргызстанда Комуз күнү» деп жарыяланды

Окуялар тизмеги 09 Сен 2019 10:58
0 ой-пикир

Бүгүн 9-сентябрь — Комуз күнүнө карата, Бишкекте бир катар иш-чаралар өтөт. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында «Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү» аттуу илимий-практикалык конференция, Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдында эскерүү иш-чарасы өтөт.

«Комуз — улуттук сыймык» аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү Кыргыз улуттук филармонияда болот. Иш-чаралар “Таңшы комуз” аттуу концерт менен жыйынтыкталат. Кыргызстанда Комуз күнү биринчи ирет белгиленүүдө. Бул күндү утурлай башка облустарда дагы иш-чаралар уюштурулду. Оштогу Алымбек Датка этнографиялык комплексинде 500 комузчу «Маш ботой» күүсүн чертишти.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков быйыл июлда кол койгон жарлыкка ылайык, «9-сентябрь — Кыргызстанда Комуз күнү» — деп белгиленген.

Кыргызстандык комузчулар Эламан жана Айбек Каныбековдор Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн XII эл аралык музыка фестивалында 1-орунду алышты.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.