Өкмөт улгайган жарандардын жашоо сапатын көтөрүүгө белсенет

Окуялар тизмеги 05 Сен 2019 16:06
0 ой-пикир

Кыргыз өкмөтү 2019-2025-жылдарга Кыргызстанда улгайган жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 5-сентябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган планда улгайган жарандарга карата ырайымсыз мамилени жана зомбулукту болтурбоо, сапаттуу медициналык кызматтарды камсыз кылуу, кедейликтин деңгээлин кыскартуу жана улгайган жарандар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо каралды.

Анын алкагында улгайган курактагы адамдардын өлүмүнүн жана ооруга чалдыгуусунун медициналык-демографиялык көрсөткүчтөрүнө 60-74 жаш, 75-89-жаш, 90 жаш жана андан ашкан курактык категорияларына терең талдоо жүргүзүлөт.

Алыскы жана жетүүгө кыйын райондордогу улгайган адамдарды тейлөө үчүн медициналык-санитардык көчмө кызматты түзүү каралган.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.