Урмат Акунов: «Алкышка татыган Аманбай кетип, эбин тапкан Эмил Теңир-Тоого губернатор болду»

Аймак, Аналитика, Интервью 05 Сен 2019 17:03
0 ой-пикир

Бүгүн Нарын облусунун Ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жумушунан кетти. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы белгилүү болду. Буга акыркы чууга айланган контейнер-мектеп жана Солтон-Сарыдагы кендин айланасындагы ызы-чуудан кетти деген пикирлер айтылып жатат.

Буга байланыштуу тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-сентябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кайыпов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 5-сентябрда белгилүү болгон. Бирок анын себептери ачык айтылган эмес.

Кеңеш айылындагы контейнерден курулган мектеп чуусуна жана мурдараак чыккан Солтон-Сары кениндеги жагдайларга байланыштуу анын жумуштан кетишин талап кылгандар болгон.

Эмилбек Алымкулов өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-сентябрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мунун алдында ал Нарын шаарынын мэри кызматынан өз арызы менен бошотулган.

Ушул эле күнү Аманбай Кайыпов берген арызына ылайык өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан алынган.

Кайыпов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы 5-сентябрда белгилүү болгон. Бирок анын себептери ачык айтылган эмес.

Кеңеш айылындагы контейнерден курулган мектеп чуусуна жана мурдараак чыккан Солтон-Сары кениндеги жагдайларга байланыштуу анын жумуштан кетишин талап кылгандар болгон.

Контейнер-мектеп дагы бир адамдын кызматтан кетүүсүнө себеп болгон. 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган. Ал дагы өзүнүн тармагындагы көптөгөн кемчиликтер кеткендигине байланыштуу кызматынан кол жууган.

Бул жагдай боюнча  Еlgezit.kg порталы «Теңир Тоо жаштар» коомунун төрагасы Урмат Акуновдон чакан интервью алдык. Ал Аманбай Кайыпов контейнер-мектептен губернатордун кызматтан кетишинин себеби эмес экендигин айтат:

-Аманбай Кайыпов бул кызматты кандай аркалады? Анын кызматтан кетишине эмне себеп болду?

-Аманбай Кайыпов 2013-жылы декабрь айына губернатор болуп Нарын облусуна келген. Аманбай Кайыпов милдетин так аткарып, мыкты иштеп жаткандардын бири. Биринчиден, бул тар чөйрөдөгү оюнга айланды десек болот. Экинчиден, аны жумуштан кетишине аны көптөн бери иштеп келатыптырсың деген себеп менен кызматтан алышты. Буга жогору жактардан жакшы кызматтарды бериш керек. Анын эмгегин да баалаш керек. Шарты оор Нарында иштөө да түйшүктүү деп билебиз, ал жакта кызмат кылуу ар бир эле жетекчинин колунан келе бербейт.

-Аманбай Кайыповдун ордуна келген адам ишти алып кете алабы?

-Азыр эң эле оор учур. Алдыда күздүк түшүм жыйноо иштери башталды. Алдыда кыш өзүнүн кылычын кармап келе жатат. Ал эми Нарындын кышын өзүңөр билесиңер. Мына ошолордун баарын алып кете алса, анда ал киши элдин уулу деген атка конот. Ошондой эле президентибиздин  инвесторлорго бакубат шарт түзүп берүү демилгесида эске алып, жаңы келген кадр бул маселелердин баарын алып кетиши абзел. Дагы кайра толкундоолор болтурбоо максатында ал киши жаңы иш планы менен келиши керек.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүнкү күндөгү идеясы бар жаштарды колдобой, мурдатан бери ичип-жеген коррупционерлерди колдоп келатканы өкүнүчтүү.

Өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы өкүлү Аманбай Кайыпов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган кызматта иштеген Жыргалбек Сагынбаев берген арызына ылайык кызматынан мунун алдында кызматтан бошотулган.

6-сентябрда Аманбай Кайыпов Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан алынган эле. Анын ордуна Эмилбек Алымкулов келген.

Аманбай Кайыпов, мурунку губернатор: «Контейнер мектепти мен койгон эмесмин»

Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов комментарий берип жатып айтты. Ал ошондой эле жаңы кызмат ордунда аткара турчу иштери боюнча суроого жооп берди.

— Эми контейнерди мен койгон эмесмин. Билим берүү министрлиги койгон. Буга чейин ал мектеп боюнча өкмөткө, тийиштүү мекемелерге бир нече жолу сунуштарды берип келгенбиз. Ал сунуштар айрым жерден өтпөй калып жатты. Мен ал контейнерди койгондон кийин угуп калдым, каршы болчумун. Ал эми жаңы кызматта өнөр жай тармагы боюнча иштейм. Пландарым бар. Колумдан келишинче бул тармакка салым кошууга аракет кылам — дейт Аманбай Кайыпов.

Жазгүл Урмамбетова — атайын Еlgezit.kg үчүн

Сүрөттөр интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.