Кара-Кулжа: Эки депутат мушташты

Окуялар тизмеги 03 Сен 2019 09:54
0 ой-пикир

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Уларбий Байгожоев айыл өкмөт башчысын «ур-токмокко алды» деп айыптап чыкты. Анын айтымында, айыл өкмөт башчысы Айбек Ормокеев мылтык кезеп, сабап салган.

— Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы мени жайлоодон келаткан жолдо кармап, мылтык менен коркутканга аракет кылды. Бир аз кызуу экен. Мылтыгын тартып алып, айылга түшүп келген элем. Кеч киргенде артымдан өзүнүн эки уулун жана дагы 10 чакты жигиттерди ээрчитип келип, мени көптөп токмоктошту. Бизди ажыратууга чыккан апамды да сабап салышыптыр. Азыр апам экөөбүз тең ооруканада жатабыз, — деп билдирди ал.

Жергиликтүү кеңештин депутаты мушташтын себебин айыл өкмөттүн ишин такай сындаганы менен түшүндүрдү. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы менен айылдык кеңештин депутатынын мушташын Ош облустук милициясы да ырастады.

Милициянын расмий маалыматына караганда айыл өкмөт башчысынын эки баласы кармалып, үй камагына чыгарылган. Айыл өкмөт башчысы өзү азырынча ооруканада жатат. Мушташка катышкан башка балдар суралып жатат. Сөз болуп жаткан Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Ормокеев менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок милиция Ормокеев да депутатка каршы арыз жазып, ооруканага жатып алганын билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.