Кыргызстандын эгемендигине -28 жыл

Окуялар тизмеги 31 Авг 2019 14:11
0 билдирүү

Бүгүн Кыргызстандын эгемендик алганына 28 жыл толду. Майрам өлкөнүн бардык аймагында белгиленип жатат. Бишкекте салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында өттү. Ага президент Cооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, элди куттукташты.

Өлкө башчы борбордук Ала-Тоо аянтында эгемендиктин 28 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып, бийлик саясат менен алектенүүнү азайтып, экономикага көңүл бура турганын билдирди.

«Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү — биздин милдетибиз. Баарыбыз жапа тырмак жаратмандыкка багыт алуубуз зарыл. Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт. Элдин үнүн угуп, журттун талабын аткаруу үчүн жүрүп жаткан реформаларга жаңы дем беребиз. Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз. Экономикада, билим берүүдө, саламаттык сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда, демократияны бекемдөөдө жаңы демилгелер ишке ашырылат», — деди Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды 31-август эгемендик күнү менен куттуктап жатып, өлкөдөгү коррупция көйгөйүнө токтолду. Жээнбеков чейрек кылым ичинде бийлик элге кызмат кылуу ордуна байлык жыйноо менен алек болуп калганын белгиледи.

«Тилекке каршы, чейрек кылым ичинде бийлик бутактарындагы коррупция — улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды. Бийлик элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган. Мындан ары таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл», — деген Жээнбеков элди түндүк-түштүк болуп бөлүнбөөгө чакырды.

«Биз дүйнө атаандаштыгына туруштук берип бир эл, бир журт болуп, урпактарга өнүккөн өлкөнү калтырууга милдеттүүбүз. Ал үчүн «түндүк-түштүк» деген түшүнүктү көңүлдөн гана эмес, көкүрөктөн, жүрөктөн жууп таштап, келечекти көздөй сапар алуубуз зарыл. Залкар замандашыбыз Чыңгыз Айтматов айткандай, түндүк менен түштүгүбүз — куштун эки канатындай. Экөө бирдей күүлөнгөндө гана бийиктиктерге жетебиз».

Ала-Тоо аянтында өткөн аземге экс-президент Роза Отунбаева баш болгон депутаттар, саясий, коомдук ишмерлер чакырылган.

Эскерте кетсек, 1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.