Майрамга карата айрым көчөлөр жабылат. Тизме

Окуялар тизмеги 30 Авг 2019 17:55
0 билдирүү

Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектин кээ бир көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жолдор эртең мененки саат 6.00дөн 00.00гө чейин жабылат.

Көчөлөрдүн тизмеси:

  • Киев көчөсүнүн Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Чүй проспектисинин Тыныстановдон Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Фрунзе көчөсүнүн Панфиловдон Раззаков көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Абдымомунов көчөсүнүн Панфиловдон Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү.
  • ЖККБ айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.