Кой-Таш окуясы боюнча атайын комиссия түзүлдү

Окуялар тизмеги 29 Авг 2019 16:08
0 билдирүү

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекеттик комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов анын орун басары болду.

Андан тышкары комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров кирди.

Cүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.