Аналитика, Статьялар Дата:
0 билдирүү

Көз карандысыздыкка 28 жыл. Биз ким мененбиз?

28 жыл ичинде Кыргызстан ким гана болгон жок – “экинчи Швейцврия”, “демократия аралы”, аймактагы эң демократиялуу өлкө ж.б. Консервативдүү коңшуларга караганда биз чынында эле таң калтырууну билчүбүз. Бийликти алмаштырууга болгон кадамдарды карасак артыбызда — эки жолку ыңкылап, эл шайлабаган, бирок Советтер союзунан чыккан өлкөлөрдүн ичинде биринчи жолу кызматка отурган президент айым бар. Ошондой эле дүйнө көз салып турган азыркы президент менен мурдагы президенттин тиреши.

Биз аймактагы демократия өнүккөн өлкөнүн үлгүсү болууга жарым кадам эле жетпей келгендейбиз, бирок 28 жыл өтсө дагы башкалар карап түзөнүүчү, реалдуу демократиялык мамлекет боло алган жокпуз.

Батыш менен мамиле

Кыргыз Республикасынын биринчи президенти Аскар Акаев коңшу мамлекеттердин лидерлериндей классикалык партократ болгон эмес. Балким ошондуктан анын президенттик мөөнөтүнүн алгачкы жылдары либералдык реформалар жылы болгондур. Акаев ал учурда Батыштын “сүймөнчүгү” болчу. Советтер Союзунун курамынан чыккан өлкөлөрдүн президенттерине салыштырмалуу ал батыш баалуулуктарына ыктап, демократия тууралуу көп сүйлөчү. Батыш дагы Борбордук Азиядагы “демократия аралына” жакшы колдоо көрсөтүп турган. Кыргызстанда батыш институттары иштеп, Америка университети ачылган. Ошондой эле Акаев АКШ менен Кыргызстандын ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюп, ал өлкөгө эл аралык жардамдын келишин камсыздап турган. Бул макулдашууну кийин Атамбаев жойгон. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарындагы эркиндик өлкөдө күчтүү жарандык сектордун пайда болуусун шарттап, “бейөкмөт уюмчулардан” баштап саясатчылар арасында жаңы лидерлердин пайда болуусуна өбөлгө болду. Мындан сырткары, 1998-жылы Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн арасынан алгачкылардан болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирди. Бирок Кыргызстандагы эркиндик “майрамы” көпкө созулган жок. Акаев батыштагы өнөктөштөрүн нааразы кылып, демократ болбой, “кылтыңдап” баштаган.

2001-жылдын 11-сентябрынан кийин Американын жана коллективдик батыштын приоритеттери өзгөргөн. Адам укуктарын коргоо концепциясынын ордун коопсуздукту камсыз кылуучу улуттук кызыкчылыктар концепциясы басты. Батыш Акаевге нааразы болгону менен Америкага Афганистанга аскерлерин өткөрүү үчүн транзиттик пункт керек болчу. 2002-жылдын декабрь айында Кыргызстанда антитеррордук коалиция авиабазасы ачылган.

Ошол себептен Акаевдин доорунун бүтүп бара жатканынан кабар берген 2002-жылдагы Аксы окуялары дагы Батыш үчүн Акаевдин аброюн түшүргөн эмес. Бирок эл аралык уюмдар жарандык коом, ММКлар үчүн гранттык программаларды жазып,көз карандысыз басмаканаларды ачып жана башка долбоорлор аркылуу демократия духун кармап турууга аракет кылышкан.

“Жоогазын ыңкылабын” Батыш колдогону менен Россиялык эксперттер жана ММКлар жазгандай, Батыш аны уюштурган эмес жана катышы да болгон эмес. Батыш үчүн жаңы бийлик алардын базасын сактап калганы маанилүү болчу. Себеби аны өлкөдөн чыгаруу боюнча Россиянын басымы күчөй баштаган болчу. Кыргызстандын экономикасы Россиядан көз каранды болчу, ошол эле маалда Бакиев америкалыктардан бюджетке түшкөн каражаттардан да кол жуугусу келген эмес. Ошондуктан авиабазаны Транзиттик борборго айландыруу амалы ойлонуп табылган. Бирок Кремль Бакиевдин бул айлакерлигин кечире алган эмес, натыйжада “апрель ыңкылабында” Кыргызстандын экинчи президенти тактан кулаган. Батыш окуялардын мындай өнүгүүсүнө даяр эмес болчу жана орустардан айырмаланып Убактылуу өкмөттү көпкө чейин кабыл албай турушкан.

7-апрелдеги окуялардан кийин бир жарым жыл өткөн соң Кыргызстанда ызы-чуу болду. Түштүктө улуттар аралык жаңжал чыкты. Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында президент болуп шайланып, “Манастан” Транзиттик борборду чыгаруу ниети бар экенин дароо билдирди. Бул Кыргызстандагы жаңы бийликке колдоо көрсөтүү үчүн Кремль койгон талаптардын бири болчу. Атамбаевге бир тарабында америкалыктар болушун каалабаган Кытай тараптан да басым болуп турду. 2014-жылы америкалык аскерлер Кыргызстандан чыгып кетишти. Бирок Атамбаев муну менен гана токтоп калган жок. 2015-жылы АКШнын өкмөтү менен 1993-жылы кол коюлган макулдашууну денонсация кылды. Ал маалда Батыш аймактагы өзүнүн иштерин жүргүзүүнү азайтып, демократияны орнотуу эксперименти Кыргызстанда ийгиликтүү болбой калганына көзү жетти.

2017-жылдын аягында, президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тиреши башталганда Кыргызстан менен Американын ортосунда макулдашуу тууралуу сүйлөшүү болушу мүмкүн деген божомолдор чыкты. Бирок буга олуттуу негиз болгон жок. Батыш Борбор Азиядагы өлкөлөрдө активдүү болбой калды. Америка жана Европа Борбор Азияны СССРдеги мурдагы республика катары кароону сунуштады, плюс Афганистан. Батыштагы өнөктөштөрдүн көңүлү көбүнчө Афганистанга бурулары белгилүү жана эң башкы маселе демократизация эмес коопсуздук болот.

Россияга болгон бурулуш

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин тышкы саясатта Кыргызстан Россияга толугу менен ыктап калды. Буга бир нече себеп бар. Биринчиден, Кыргызстан менен Россия Совет доорун көргөн, маданий жактан тыгыз байланышта жана бизде орду чоң болгон орус тили. Экинчиден, кыргыз мигранттары Россия базарларына көнүп калышкан. Дүйнөлүк банктын маалыматына таянсак, ИДПга карата мигранттар которгон каражаттын көлөмү боюнча Кыргызстан экинчи орунда (биринчи орунда Тажикстан). Мисалы, 2018-жылдын 11 айында Кыргызстанга $2,48 млрд. которулса, анын $2,44 млрды Россиядан которулган. Үчүнчүдөн, Кремлдин бийликке жана айрым саясатчыларга болгон таасири чоң.

2015-жылдын август айында Кыргызстан Евразиялык экономикалык бирликке кирген. Мындай идея Нурсултан Назарбаевге таандык экенине карабастан ЕАЭБ Путиндин долбоору жана Россиянын таасирин чыңдоо жана кеңейтүү үчүн жазылган. Бирликке кирерден мурун Кыргызстан жеңилдиктерди алган. Россия бажыны моденизациялоого жана чакан бизнес үчүн 200 млн доллар берген. Казакстан фито-сантиардык жана ветеринардык лабораториялар үчүн 100 млн доллар жардам бермекчи болгон. Бирок Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан

Назарбаев чырдаша кеткенден кийин Атамбаев коңшулардын жардамынан баш тартып койгон жайы бар.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киргендеги эң чоң пайдасы биздин мигранттар үчүн шарттардын жакшыргандыгы жана уставдык фонду 500 млн долларды түзгөн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун түзүлгөнү болду. Фонд иштеп баштагандан бери 2000ге жакын долбоорду каржылаган. Алардын 32%ы өндүрүш тармагына, 23%ы агрардык секторго, 12%ы туризмге жана 11%ы транспорт, логистика жана инфраструктурага тиешелүү.

Ал эми Россиянын өзүндө да көйгөйлөр жок эмес. Экономикалык кризис, санкциялар, Владимир Путиндин акыркы президенттик мөөнөтү Россиянын туруксуз өнөктөш болуусуна алып келүүдө.

Кытай альтернатива катары

Кыргызстандын Россиядан экономикалык жактан бир топ эле көз каранды, бирок биздин башкы өнөктөшүбүздүн ички көйгөйлөрү көп болгондуктан Кытайдын таасири да күч алууда. Бул өлкө насыя берүүдө ЕАЭБдеги өлкөлөргө салыштырмалуу “колу ачык”. Натыйжада Кыргызстан Кытайдын экспорт-импорт банкына 2014-жылы 976,9 млн доллар карыз болсо, учурда анын көлөмү 1,7 млрд долларга жеткен.

Кыргызстанда кытай бизнеси активдүү жүргүзүлүп келет.

Расмий Бишкек Кытайдын “Бир кур – бир жол” деп аталган демилгесин дагы колдоп келет. Бирок бул жерде Россия менен көйгөй жаралышы мүмкүн, алар ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин Кытай Кремль менен чечүүсүн каалайт эмеспи. Ал эми Кытай болсо ар бир мамлекет менен түз сүйлөшүүнү каалайт. Анын ичинде Кыргызстан менен дагы.

Бишкек менен Пекин үчүн антикытай маанайы “баш оору” болду. Бул нааразычылыктарды жоюу аракети болгону менен эксперттер бул убактылуу гана тынчтануу деп белгилеп келишет. Бул тууралуу Stratfor аналитиктери дагы айтышууда.

Elgezit.kg редакциясынын аналитикалык тобу

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.