Эксперттер Курсан Асанов тууралуу…

Аналитика, Статьялар 28 Авг 2019 18:09
0 ой-пикир

Биз айтпасак, ким айтат

Султанбек Жоошбаев, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы:

«Кимдин ким экени билинип, катарыбыз тазаланды»

Өлкөбүздөгү акыркы окуялар мени көп ойлонтуп, тынчымды алып келет. Ошондон  улам оюмду ортого салып, кесиптештерим менен жеке ой пикиримди бөлүшкүм келди.

Биздин эл байыркы эл болгондуктан, ата-бабабыздын бизге калтырып кеткен бай мурасы бар. Ошол мурастарды унутпай, мыйзам катары карманып жашасак эч жаңылбайт элек. Бабалар айтат: “Дөөлөт деген тоголок, тоголонсо жоголот”,- дейт, дагы –“Байлык менен бийлик колдун кири, бүгүн болсо эртең жок”, — дейт. Ушул акылман сөздөрдү унутуп, бийлик үчүн, байлык үчүн жанталашканда эмне болорун турмуш тумшукка чаап көргөзүп жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев 6 жыл өлкөнү башкарып көнө түшкөн экен, бийликтен кеткиси келбей, Кой-Ташта жатып алып, өлкөгө дагы деле бийлик жүргүзгүсү келип: “Каалаган күнү революция жасап жиберем!”-деп төшүн кагып туруп алды. Натыйжада 7-8-августтагы дүйнөнү дүңгүрөтүп, кыргыз атуулдарын жер караткан окуялар болуп кетти. Бардык күнөөлүүлөр өз жазасын алууга тийиш.

Дагы бир жүрөктү өйүп, намыска тийген нерсе генерал Курсан Асановдун жосунсуз жоруктары болуп жатат. Бул тажрыйбалуу милиционердин, билимдүү офицердин 8-августта жасаган иштерин жосунсуз жорук деп мен дагы сыпайыраак айтып жатам. Болбосо кылмыш-жаза кодексин беш колундай билген адам, өзүнө тапшырылган участокту таштап, ээн-баштык менен Министр өзү аткарып жаткан иш чарага жолтоо болуп, Атамбаев менен каадалуу кишиче сүйлөшкөнү, анан ал жердеги далил буюмдарды каалагандай кармалап, бир дагы акыл эстүү милиционер жасабай турган ишти жасап, тергөөнүн ишин татаалдатканы абдан жагымсыз иш болуп, милициянын кадырына шек келтирди.

Биздин кызматтын кадыр-баркын көтөрүү, анын эл алдындагы, мамлекет алдындагы абийрин таза сактоо эң маанилүү милдет болуп турган чакта, жогорку чиндеги офицердин бул кылыгын чыккынчылык деп эсептөөгө аргасыз болуп турабыз. Турмуш адамды бийлик мен бир сынаса, байлык менен дагы сынайт. Анан атак-даңк деген да чоң сыноо бар. Бул сыноолордон кебелбей өткөндөр бар, Кудай берген ырыскыны көтөрө албай көпкөндөр бар. Адам көпкөндө өзүн жылдыз сезип, көчөгө батпай, жерге батпай чектен чыгып кетип, мүдүрүлөт. Эмнеси болсо да кыргыз милициясы 7-8-августта дагы бир чоң сыноодон өтүп, чыйралды. Кимдин-ким экени билинип, катарыбыз тазаланды. Жаштарга ойлонто турган сабак, тарыхка жазылган өчпөс барак болду. Ардактуу кесиптештер жана мекендештер! Бизди алдыда дагы далай сыноолор, толгон тоскоолдор күтөт. Аларды жеңип өтүү үчүн бизде бекем ынтымак, темирдей тартип, анан мекенибизге жандилден берилгендик зарыл. Бизде мунун баары бар экенине бекем ишенем. Сиздерди келе жаткан эгемендик күнү менен чын дилимден куттуктап, элибиздин коопсуздугун сактоодо силерге арбын ийгиликтерди, бекем ден-соолук жана узун өмүр каалайм.

Шерадил Бактыгулов, эксперт:

 Эгер Курсан Асановдун буйругу болбосо жөнөкөй айдоочу же жансакчы болгон милиционер пакет окуясына катыша албайт эле да. Пакет-гейт боюнча дагы издөө жарыялай турган жарандар бар экендиги шексиз.

 -Курсан Асановдун жансакчысынын кармалышына карата кабар чагылгандай тездикте бүтүндөй массалык маалымат каражаттарына тарап, ар кандай суроолорду пайда кылып жатат. Дегеле массалык маалымат каражаттарына дайыма эле туура билдирүүлөр жарыяланабы?

-Бул суроонун келип чыгышынын себеби 8-августа Кой -Таштагы окуяларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырууда Атамбаевдин жансакчысынын кызгылт пакетти көтөрүп жүргөнү көргөзүлүп, укук коргоо органдарынын адистик жөндөмүнө шек келтирген, далилдерди ээн эркин чыгарып кеткенге мүмкүндүк беришти дегендей маани берилген жазуулар коштолгондугу себеп болууда. Арийне, кийинчерээк ал пакетти милиционер өзүнүн жетекчисинин буйругу менен алып чыкканы белгилүү болуп олтурат. Ал өзүнүн жоопкерчилигин сезип, жашынып жүргөндүктөн 24-августа гана кармалып олтурат. Мындан улам жансакчы жөнүндөгү ар кыл маалыматтардын такталбай жана ар кимдин кызыкчылыгына карата жарыяланышы ушу тапта  массалык маалымат каражаттарына болгон ишенимди азайтууда. Эгерда ал тергөөнүн бардык суроолоруна ачык жана так жооп бергенде . балким камакка алышбайт болчу. Демек, аскер прокуртурасы бул маселени ачыктап, ага  карата айыпталган кунөөнү аныкташ керек. Менин билишимче пакет-гейт боюнча К.Асанов, Д.Пайзылла уулунан дагы башка дагы издөө жарыялай турган жарандар бар экендиги шексиз. Пакеттеги негизги баалуу буюмдарды катып жаткан дагы бир үчүнчү тараптагы  жарандар бар бар экендигинде шегим жок. Аларды жакын арада тергөө ачыктаар?…

-Эмне үчүн катардагы милиционер да кылмышка катышып калууда?

-Бул жерде жөнөкөй формулировка орун алууда. Бир тараптан буйруктан четтеген жетекчи буйрук аркылуу башка бирөөнү жоопкер кылып жатат. Эгер Асановдун буйругу болбосо жөнөкөй айдоочу же жансакчы болгон милиционер бул окуяга катыша албайт эле да. Эсиңиздерге салсак Курсан Асанов өзүнүн аракети менен өлкөбүздүн мыйзамдарын бузган. Сүйлөшүүлөрдү ИИМдин министри Кашкар Джунушалиев жүргүзгөн жана экинчи кабатта тергөө тобу өз кезегин күтүп, камералары даярдап, мээлейлерин кийип, тергөө иштерин жүргүзүүгө даяр турушкан. Асанов беш катар курчоонун бириндеги милиционерлерге  жетекчилик кылуу милдетин таштап салып, өз жетекчилигинин буйругуна баш ийбей жана бардык процессуалдык ченемдерди бузган. Ал  эми анын айдоочусу кылмыш болгон жерде оперативдик тартууларды жүргүзүүгө укуксуз болчу. Өзгөчө башчысынын телефону менен анын мааракесин тартып жаткансып тартып алганы мыйзамсыз болгон. Мындан тышкары ал Атамбаевдин үйүнөн сезилээрлик оор пакетти көтөрүп кетип, Курсан Асановдун адвокатына жеткенде ошол пакет бир топ “арыктап” калган. Эми коомчулукка ошол пакетте үйдүн гана документтери бар болчу деп ишендиргилери келет.

-Айыпталып жаткан Асановдун жансакчысы канчалык “баалуу” күбө боло алат?

К.Асанов менен Атамбаев беш минутадан кем эмес убакыт камерасыз сүйлөшүшкөн. Алар эмне жөнүндү сүйлөшүп, эмнени убадалашканы белгисиз. Болгону Асанов өзүнүн “чечкиндүү” аракеттери менен кылмыш болгон жердеги издерди жана куралдагы колдун тактарын өчүргөнү азырынча белгилүү. Экс-милиционер алардын сүйлөшүүсүнө күбө болгонбу же жокпу, түшүнүк береби же бербейби аны тергөө иши аныктайт.

-Дегеле мындай айыптоонун аягына ИИМ чыга алабы? Тагыраагы,  Асановдун Атамбаевдин командасы менен иштешкенин толук далилдөөгө болобу?

-Айрым жагдайларда телефондук кат алышуулар, сүйлөшүүлөр болгондугу айтылып баштады. Андан тышкары ошол операция учурундагы Асановдун өзүм билемдиги, ага улай «Пакет-гейт» окуясы башкы далилдер болуп жатпайбы. Эӊ башкысы бул жерде эрк керек го. Менимче, Башкы Прокурутара бул иштин акырына чыга алат. Жана чыгууга да милдеттүү. Эгер анте албаса анда биринчиден мыйзам, экинчиден ИИМ системасынын кадыр-баркына катуу доо кетет. Пакеттеги негизги материалдар тергөөгө кайтып келиш керек.

Кайрат Осмоналиев: юрист

-Укук коргоо органдарында тартип болууга тийиш. Башчыдан аттап өтүп өз билгенин кылган туура эмес деп ойлойм, анткени  андай кадам кооптуу, операцияны жокко чыгарууга да мүмкүн.  А мындай жагдайларда камерага тарттырып пиар кылуу андан  да эки эсе туура эмес. Министр учурунда эмне кылышы керек эле, ал изилдөөнү тапшырды. Жүрүп атат. Эгерде кызматтык изилдөөнүн жыйынтыгында коюлган айыптар аныкталса, анда күнөөлөөчү өкүм чыгышы да мүмкүн.  Укук коргоо органдары интригалардан алыс болуп, үлгү болуш керек, эгерде Кашкар Жунушалиевдин ордунда Курсан Асанов болгондо ал деле эмне себептер менен ал өз билемдик кылгандыгын изилдөөнү тапшырмак.

Сүрөт интернеттен алынды

Редакция макала үчүн жоопкерчилик албайт, автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.