ИИМ: Памирбек Асанов менен Матраимовдор куда-сөөк экени чын

Окуялар тизмеги 26 Авг 2019 18:22
0 ой-пикир

Ички иштер министрлиги министрдин орун басары болуп жакында дайындалган Памирбек Асанов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун туугандык байланышы боюнча мекеменин басма-сөз кызматы билдирүү жасады.

Асанов менен экс-бажычынын эжеси Фарида Матраимованын «куда-сөөк экени чын жана мындан саясат жасоонун кажети жок» экенин маалыматта айтылат.

«Балдар баш кошуп жатышкан соң карым-катыш деген болот, мурда балдар бири-бирин таап баш кошконго чейин куда-сөөктөр бирин-бири таанышкан эмес. Экинчиден алардын куда-сөөк болгонуна бир топ жыл болгон. Эми бул маселени атайылап Памирбек Асанов министрдин орун басары болуп иштеген кезде көтөрүп жатышат. Мурда ал маселе айтылган эмес», — деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында.

Эскерте кетсек, Памирбек Асанов Кой-Таш окуясынан кийин «милициянын кызыкчылыгын сатты» деген негизде кызматтан алынган ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ордуна келген. Маалымат чыгары менен социалдык тармактардын колдонуучулары Памирбек Асанов Матраимовдун тууганы экенин жазып чыгышкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.