Өзбекстанда шахтачылар айлыкты көтөрүүнү талап кылып, иш таштады

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 17:03
0 билдирүү

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы «Шаргункумир» көмүр ишканасында иштеген 200дөй шахтачы айлыкты көтөрүүнү талап кылып иш таштады. Окуя 14-августта болгон. Бирок бул тууралуу 22-августта гана маалым болгонун «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы кабарлады.

Ысымын атабаган булактын айтымында, шахтачылар айына 1 миллион сум же 100 доллардай маяна алат. Ошол эле булак билдиргендей «Шаргункумир» «Узбекистон темир йуллари» ишканасына өткөрүлүп берилгени жумушчулар ишке дем алыш күндөрү да чыгып калышкан. Мындан улам шахтачылардын нааразылыгы күчөгөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.