Сүрөт: Видеокөзөмөлдү талкалагандар издөөгө алынды

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 11:22
0 билдирүү

Свердлов райондук ИИБне «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсынын өкүлдөрү 9-августтагы башаламандыкта «Коопсуз шаар» алкагында орнотулган камераларды сындыргандарга карата чара көрүүсүн суранып, арыз менен кайрылган.

Белгисиз адамдар Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинде орнотулган эки камераны, Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүндөгү төрт жана Чүй проспектиси жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жети камераны жарактан чыгарган.

Ошондой эле милицияга «Финанскредитбанк» ААКтын өкүлчүлүгү кайрылып, белгисиз адамдар компаниянын терезесин сындырып кетишкенин кабарлаган. Мындан сырткары, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкеринин кызматтык Hoton үлгүсүндөгү унаасы талкалангандыгы белгилүү болгон.

Факт 266-берене («Бейбаштык») боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө «Вега Оперейтинг Компани» ЖЧКсынын видеокамерасына шектүүлөрдүн жазылып калган кадрлары жана сүрөттөрү алынды», — деп айтылат маалыматта.

Милиция шектүүлөр тууралуу билгендерди көрсөтүлгөн номерлерге чалып коюуну өтүнөт: (0771) 141-190, (0700) 110-077, (0556) 155-144, (0779) 646-155, (0550) 102-927, (0552) 102-471 жана 102.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.