Илим Карыпбеков дагы суралды

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 12:14
0 билдирүү

КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип чыкты.

Карыпбеков ошондой эле “Манас” аэропортунда директор болуп иштеп тургандагы иштер боюнча күбө катары сурак берди.

“Бишкектеги “Манас” аэропортун жетектеп турганымда май куюучу комплекс сатылып алынган. Ошол боюнча текшерүү жүрүп жатат”, — деди Карыпбеков.

Ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына күбө катары дагы чакырылышы мүмкүн экенин четке каккан жок.

Карыпбеков Коомдук телеканалды жетектегенге чейин «Манас» эл аралык аэропортунун курамына кирген Бишкектеги аэропорттун директору болуп эмгектенген.

Сүрөт www

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.