Икрамидин Айткуловдун уулу да “алдамчылыкка” шек саналууда

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 12:34
0 билдирүү

Кармалган адвокат Икрамидин Айткуловдун уулу да “алдамчылыкка” шек саналууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн Бишкек шаардык милициясынын башкы бшкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл январь айында Башкы прокуратурага анын уулу Азамат Айткуловго каршы Бишкектин тургунунан арыз келип түшкөн. Анда Айткулов 2014-жылы 31 миң доллар карыз алып, ошондон бери бербей жүргөнүн айткан. Кийин уулунун карызын жактоочу Икрамидин Айткулов төлөөгө милдеттенме алып, бирок төлөбөй жүргөн.

Бул даттануунун негизинде сотко чейинки териштирүү башталган. Анын жүрүшүндө Азамат Айткулов 2015-жылы дагы “Алдамчылык” беренеси боюнча соттолгону аныкталган.

Буга чейин адвокат Икрамидин Айткулов суракка чакырылып, 22-августта кылмышка шектүү катары Бишкек шаардык милициясынын убактылуу тергөө жайына камакка алынган.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.