Эмил Шүкүров көз жумду

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 14:52
0 билдирүү
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров 81 жаш курагында дүйнө салды. Бул маалыматты анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, ал бир нече саат мурда Бишкекте каза болгон. Азырынча тажыясы качан өтөрү белгисиз.

Эмил Шүкүров 1938-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин биолог-зоолог адистиги боюнча, Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн.

Узак жылдар бою Кыргыз микробиология жана гигиена институтунда эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн.

География илимдеринин доктору, биология илиминин кандидаты илимий даражасын коргогон. 2015-жылы Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланып, бир жыл өтпөй мэриянын борбор калаадагы жашылдандыруу боюнча жүргүзгөн саясатына макул болбой, мандатын тапшырган.

Өмүрүнүн акыркы жылдары Кыргызстандагы экология боюнча маселелерди көтөрүп жүргөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.