Башкы прокуратура: Аскар Акаев өлкөгө келсе, суракка алынат

Окуялар тизмеги 23 Авг 2019 15:13
0 билдирүү

Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, буга чейин Акаевдин жубайы Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” фонду, уулу Айдар жана күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата мамлекетке миллиондогон зыян келтирүү фактылары боюнча бир нече кылмыш иши козголгон.

Прокуратуранын маалыматында, “Мээрим” фонду боюнча жалпысынан 30 кылмыш иши козголуп, жалпы чыгым 64 миллион сомду түзөрү эсептелип чыккан.

Ал эми Айдар Акаевге карата төрт кылмыш иши ачылып, мамлекетке үч миллион долларга жакын зыян келтирген деп шек саналууда.

Мурдагы президенттин уулуна дагы 11 ишке кыйыр түрдө тиешеси бар деп издөө салынган.

Акаевдин мурдагы күйөө баласы Адил Тойгонбаевге бир нече берене менен айыпталып, 20 жылга сыртынан кесилген.

Башкы прокуратура мурдагы президент Аскар Акаев өлкөгө келсе, үй-бүлө мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иштери жана башка жагдайлар боюнча суракка алынарын эскерткен.

Башкы көзөмөл орган Аскар Акаевдин үй-бүлөсү боюнча маалыматты эмне себептен таратканын түшүндүргөн жок.

Сүрөт интернеттен алынат

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.