Сооронбай Жээнбеков Нарындын эли менен жолугат

Окуялар тизмеги 21 Авг 2019 13:30
0 ой-пикир

Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

21-22-августта Нарынга сапарынын алкагында президент калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Аймактын инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерине барат.

Ошондой эле Жээнбеков Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

Стамалиева белгилегендей, президент өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.