Өмүрбек Бабановго айып пул салынды

Окуялар тизмеги 21 Авг 2019 11:28
0 ой-пикир

Өмүрбек Бабановго 5 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ В7700АА мамлекеттик номурлуу «Лексус LX 570» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна карата протокол түзүлгөн. Анткени жол тандабастын алдыңкы капталдагы терезелери караңгылатылган.

Унааны айып төлөөчу жайга киргизишти.

Аталган унаа менен Өмүрбек Бабанов УКМКнын сурагына келген. Ал журналисттерге унаанын терезелери заводдон чыкканда эле караңгылатылганын, ал эч кандай мыйзамды бузбагандыгын билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.