Жол кырсыгынан качып кеткен айдоочу-кылмышкер изделүүдө

Окуялар тизмеги 20 Авг 2019 16:40
0 билдирүү

Чүй облусуна караштуу Жайыл РИИБнын кызматкерлери жол кырсыгында качып кеткен айдоочуну издөөгө жардам сурайт. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгынын күнөөкөрү «Хонда-Торнео» унаасынын 24 жаштагы айдоочусу Талгатбек Алтымышев. Ал медициналык жардам алгандан кийин окуя болгон жерден качып кеткен.

Эске салсак, 18-августта болжол менен саат 10до Бишкек-Ош жолунда 3 унаанын катышуусунда кырсык катталган. Кесепетинен 4 киши каза болду.

Милиция Талгатбек Алтымышев тууралуу маалыматы болгондор болсо, төмөнкү телефондорго байланышка чыгууну суранат: 0312 221558, 0555 299520, 0701 314193 же 102. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.