Аналитика, Интервью, Статьялар Дата:
0 билдирүү

Саясатсыз саясатчы

Чоң саясатчылар жеке жашоосун көп ачыктай беришпейт. Бирок саясаттагы тосмонун артында адамдык бийик сапаттарга негиделген мамилелерге орун бар экени тууралуу өз ооздору менен айтып берген сайын мындай маалыматтар баалуу болуп келет.

Жакында эле Айгүл Текебаева Facebook социалдык баракчасына билдирүү жазды.

“Туура 25 жыл мурун, 18.08.1995-жылы Өмүрбек менен баш кошконбуз. Биздин үлпөт өтө жөнөкөй өткөн…

Чейрек кылым – бул бир четинен караганда көп болсо, бир жагынан аз. Жашоо алдыда, бирок айрым өткөн күндөрдү эске салгым келди. Жыл өткөн сайын акылдуу, күчтүү, чыдамкай болуп калат экенсиң – дал ушул сапаттар жашоону башка деңгээге чыгарып, жашоонун чыныгы баалуулуктарын сезип баштайсың. Жашоодо эң башкысы жакындарыңдын курчоосунда болуу жана алардын сүйүүсү экенин түшүнөсүң”

Өмүрбек, бүгүн сага МЕН ЧЕКСИЗ БАКТЫЛУУМУН деп айткым келди!!! 18.08.19»


Текебаевдер үй-бүлөс күмүш тоюун майрамдай албай калышты. Себеби, Өмүрбек Текебаев камакта. Бирок Elgezit.kg саясатчыдан анын үйлөнүү тою кандай болгонун жана эмнеси менен эсте калганын сурады.

Өмүрбек Текебаевден жооп алган соң биз Elgezit.kg сайтынын “Ата Мекендин” лидери менен болгон маектердин көнүмүш форматын өзгөртүүнү чечтик. Бул жолу биз алган жоопторубузду мурдагыдай маек түрүндө эмес, Текебаевдин монологу катары сунуштайбыз.

Сүйүү тууралуу

Мен кеч үйлөндүм. 36 жашымда. Азыр заман башка, бирок 90-жылдардын ортосунда бул башкача көрүнүш эле. Коомчулук совет доорундагыдай ой жүгүртчү. Коммунисттик партия гегемон болбой калган, бирок коммунизмди түзүү моралдык кодекси дагы деле болсо ардактуу болчу.

Легендарлуу парламенттеги менин оппоненттерим мага каршы аргумент таба алышпай, “Өмүке, сен жада калса үйлөнө элексиң. Сен жашоону билбейсиң…” дешчү. Муну менен алар менин оозумду жапкылары келчү. Менин бойдокчулук жашоом саясий түскө ээ болгону факт. Бирок үй-бүлөлүү адам макамына ээ болуш үчүн эле үйлөнүү мен жасачу иш эмес эле.

Айгүл менен 1990-жылдын ноябрь айында Москвадан кокустан таанышып калдык. Мен анда СССРдин Жогорку Советинде иштечүмүн. Бирок кийин 3 жылдай байланышпай калдык. Ал убакта адамды оңой-олтоң эле таап ала турган интернет, социалдык тармактар жок болчу. Советтер Союзу кулап, мен Бишкекке кайттым. Ал болсо Украинада билим алчу. Биз кайрадан 1994-жылы жолугуштук, анда дагы кокустан эле. Ошондон бери айрылышкан жокпуз.

1995-жылдын 17-августунда кечинде мен Айгүлгө үйлөнүү сунушун киргиздим. Мен жөнөкөй, ошол эле учурда өзүмө ишенген жигит болчумун. Мен ал кандай жооп берерин билген эмесмин, бирок “ооба” деген жооп күткөм. Ага чейин Айгүл макул болобу же жокпу билбей туруп эле, борбордук жарандык абалды каттоо актыларын жүргүзүүчү органдын (ЗАГС) жетекчисине чалып: “Бул депутат Текебаев. Мен үйлөнгөнү жатам. Эртең эрте мененки 11де барам, суранам биздин никебизди каттап койгула” дедим. Ошондо мен биринчи жолу депутаттык ыйгарым укуктарымды жеке максатыма колдондум. Ал макул болду.

18-августта саат 11де Жарандык абалды каттоо актыларын жүргүзүүчү органынын алдынан жолуктук. Мен жыйындан тыныгуу болгон маалда келдим. Айгүл модельер болуп иштечү, өзүнүн коллекциясы да бар болчу, алар Опера жана балет театрында репетиция жүргүзүп жатышыптыр, себеби кийим көргөзмөсү боюнча чоң иш-чара болмок. Айгүл дагы репетициянын ортосунда тыныгууда келди. 10-15 мүнөттүн ичинде биздин никебизди катташты. Ошол жактын эле кызматкерлери күбө болушту. Алар бизге бакыт каалашты, ыраазычылыгыбызды айтып, өз иштерибиз менен кеттик. Кечинде жолугуп “Ысык-Көл” мейманканасынын 7-кабатында бир бөтөлкө шампан менен белгилеп койдук. Ал учурда ал жак ресторан болчу. Эч кандай үлпөт той, чакырылгандар, жада калса туугандар да болгон жок. Андан соң “Пишпек” мейманканасына бардык.

Сүрөттө: Өмүрбек Текебаев жана Айгүл Текебаева, декабрь, 1995-жыл.

1995-жылы мен Жогорку Кеңешке шайландым. Депутаттардын саны 35 гана болчу, Бишкекте жашабагандар парламент батир маселесин чечкиче мейманканада турчубуз. Ошондуктан биз мейманканага бардык.

Бир окуяны айтып берейин. Мен ал убакта жарандык абалды каттоо актыларын жүргүзүүчү органдын жетекчиси Мамкатчы Жумабек Ибраимовдун жубайы экенин билген эмесмин. Бир жолу делегация менен учакта учуп бара жатсак, Жумабек Ибраимов: “Өмүке, мен сени үйлөндүргөнүмдү билесиңби, болбосо үйлөнбөй калмаксың”- деди.

Мен таң калдым, баары таң калышты. Ал болсо: “Кечинде үйгө келсем, жубайым: “эмне депутаттарга Мыйзам иштебейби? Бир депутат чалып тезинен алардын никесин каттоону суранды. Эртең кызым менен келем, каттап коюңуздарчы деди. Мыйзам боюнча үч-алты ай күтүшү керек” деди. “Койчу, Текебаев алты айда жүз жолу ойлонот. Аны тезинен үйлөндүрүш керек. Эртең каттап койгула” дедим. Ушинтип мен сени үйлөндүргөм”, — деди Жумабек Ибраимов.

Сүрөттө: Текебаевдердин үй-бүлөсү. Коляскадакичинекей Ай-Данек. 1997-жыл.

Андан бери 25 жыл өттү. Биз бактылуубуз. Айгүл кээде тамашалап калат. Сүйүү менен эмес, саясаттын айынан үйлөндүң деп. Биз жаңы баш кошкон жылдары бул тууралуу менден көп сурап жүрдү. Элдер президенттик шайлоо алдында олуттуу талапкер көрүнүү максатында үйлөндү деп жатышат деп калчу. Бирок Айгүл мен аны сүйүп ага баш кошконумду эбак түшүнгөн.

Билесиңерби, биз жаңы таанышканда, 90-жылы Москвада Арбатта сейилдеп жүргөнбүз. Көчөдө отурган сүрөтчү Айгүлдүн портретин тартып берген. Биз бир канча жыл жолукпай калдык дебедимби, бирок ошого карабай анын сүрөтүн сактап жүргөм. Мен аны сөзсүз кезиктиреримди жана бирге болорубузду билгем.

P.S  21-августта Кыргызстандын Жогорку Соту жаңы ачылган жагдайлар боюнча Өмүрбек Текебаевдин ишин карайт. Elgezit.kg өлкөдөгү бирден бир белгиүү саясатчыга карата сот адилеттүү чечим чыгарат деп ишенет. Биз 2019-жылдын 21-августунан тарта Өмүрбек Текебаев жана Айгүл Текебаева эч качан айрылышпай, келечекте белгилүү даталарды бирге майрамдашарын каалайбыз.

Elgezit.kg редакциясы

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.