Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду

Окуялар тизмеги 16 Авг 2019 12:33
0 ой-пикир

Бүгүн Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Манас Арабаевдин сотторго кысым көрсөткөн деген айыптоосуна түшүндүрмө берди.

Айтымында, ал эч качан саясатка аралашкан эмес, сотторго басым көрсөтмөк түгүл, ал тургай кайсыл сот кайда жайгашканын билбейт.

«Мен чынында Манас Арабаевди тааныйым, анткени ал Алмазбек Атамбаевдин командасында болчу. Саясат — кир иш болгондуктан, ага аралашпаганга аракет кылчумун. Мен кайсыл сот кайда жайгашканын билбейм. Биринчи канайым болуп турганда эч кайда аралашпаш үчүн иштедим. Мага дагы кылмыш иши козголгонун бүгүн уктум», -деди ал.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда «сот системасынын куратору» деп аталып келген, президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев 2-июнда коррупцияга айыпталып кармалган. УКМК тараткан маалыматта, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, чет өлкөлүк инвесторлордун объекттерин рейдердик жол менен тартып алган топтордун кызыкчылыгына иштегени айтылган.

Кийин Манасбек Арабаев Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, мыйзамсыз иштерге экс-канайымдын суранычы менен барганын билдирген видеосу Интернетке чыккан. КСДП анын айткандарын “чындыкка коошпойт” деп билдирген.

Бир айдан кийин Арабаев үй камагына чыккан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.