Аида Салянова: «Мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин»

Окуялар тизмеги 16 Авг 2019 10:02
0 билдирүү

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова “Фейсбуктагы” баракчасында билдирүү калтырып, үй камагына чыкканы жана тергөө кызматы менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалымат берди.

“‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Алмазбек Атамбаевди коргоп, ага жан тарткан үчүн отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар — мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө да тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Тергөө ага түшүнүү менен мамиле кылды”,-деп жазды ал.

Салянова колдоо көрсөткөнү үчүн коомчулукка ыраазычылык билдирип, оорусуна байланыштуу операцияга даярданып жатканын кошумчалады.

Cүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.