Курсан Асанов: «Өлкөмдүн жана өзүмдүн абийиримдин алдында мен акмын”

Окуялар тизмеги 14 Авг 2019 09:57
0 билдирүү

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кызматтан алынышы жана тагылып жаткан кине жөнүндө расмий билдирүү таратып, жеке кызыкчылыкты көздөбөгөнүн жарыялады.

Ал 7-8-августта Кой-Таштагы жана Бишкектеги окуяларга байланыштуу өлкөдө оор кырдаал түзүлгөнүн, министрликтин өздүк курамынын колдоосу менен жагдай чечилгенин айтты.

“Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун. Мен үчүн мундирдин урматы жана генералдын сөзү жөн сөз эмес. Мен кызмат учурунда мамлекет коркунучка кептелген бир топ учурга кабылганымды белгилеп коеюн. Мындай кырдаалда мен мамлекеттин туруктуулугун камсыздоо үчүн күчүмдү жана өмүрүмдү аяган эмесмин. Мага байланыштуу маселе кийин ачылат деп эсептейм. Өлкөмдүн жана өзүмдүн абийиримдин алдында мен акмын” дейт ал билдирүүсүндө.

Генерал-майор өзүн кесиптештерине, ушул күндөрү мамлекетте тартипти камсыз кылган милициянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, элдин колдоосуна алкыш айтты.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулган.

Расмий кабарда ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо ичурунда «милициянын кызыкчылыгын сатканы, пиар менен алектенгени» белгиленген.

Сүрөт интернеттен алынды

Билдирүү калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.